
Cаламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков 18-мартта Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок экенин билдирди.
«Анчалыкка жетпейбиз деп ойлойм. Эгер тез жайыла турган болсо, албетте, ойлонуштурабыз. Бирок анчалыкка жетпейт го дейм. Буга азырынча олуттуу негиз да жок»,- деди Исаков.
Ошондой эле өзгөчө кырдаал жарыялоонун зарылчылыгы боюнча сунушту эпидемиолог адистер берет. Чечимди өкмөт кабыл алаарын кошумчалады.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун биринчи учуру катталды. Оору Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайткан жарандардан табылган. Алар Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары.
Мындан улам бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Оставьте первый комментарий