Кара-Суу: Кашкар-Кыштактыктар жагымсыз жыттан улам бийликке кайрылышты

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү беш айылдын тургундары коронавирус коркунучуна карабай массалык топтолуп, бийликке кайрылуу жолдоду.

Алар көп кабатуу үйдүн канализациясы аймактагы саркынды суу станциясына кошулганына нааразы. Анткени, станция дээрлик 40 жыл мурун чакан жамаатка ылайыкташып гана курулган.

Андан берки курулуштардын канализациясы да аталган станцияга кошулуп, аймактагы беш айылды жагымсыз жыт каптап жатат. Экинчи көйгөй — тургундар таза сууну жер асытынан алат.Мындан улам саркынды суулар жерге сиңип таза сууга кошулуп жатат деген кооптону бар.

«Мурун төрт-беш көп кабаттуу үйгө ылайыкташып курулган болсо, азыр 20дай көп кабаттуу үй түштү. Аэропорт, ишканалар, мейманканалар жана жеке үйлөр курулду. Акыркы үч жылдан бери ошолордун себебинен жыттанып жатат. Сууну биз жердин астынан алып ичебиз. Ошол сууга саркынды суу кошулуп калат деп коркуп жатабыз. Бала чакабыз, каары картаңдар бар»,-деди Мөнөк айылындагы жаштар уюмунун төрагасы Болот Аскар уулу.

17-мартта жергиликтүү тургундар массалык топтолуп, жаңы курулган көп кабаттуу үйдүн канализациясынын курулушун токтотушту.

«Эли-журт баары каршы. Эч кимден уруксат сурабай эле өздөрү билгенин кылып жатат. Канализация өзүбүзгө жетпейт.Кааласа шаарга улай берсин, бизге эмне кереги бар? Ар тазалатканда 2500-3000миң сомдон беребиз. Мына Партсъезд, Мөнөк, Алим-Төбө, Арыпжан жана Аэропорт айылдары бар»,-деди Махбурат Мурзалиева аттуу тургун.

Аймактагы саркынды сууну тазалоочу станциясынын жетекчиси Нурбек Шарапжан уулунун айтымында, Ош шаардык суу чарба башкармалыгы көп кабатуу үйдүн канализациясын аймактагы саркынды суу станциясына кошууга уруксат бергенин.

Ош шаардык суу чарба башкармалыгынын башкы инженери Ормош Осмонов тургундардын айтканын толугу менен четке какты. Аталган аймакта тургундар жерди казып ажаткана курганы туура эмес. Анткени жердин астынан таза суу алынат. Ошондуктан көп кабаттуу үйлөрдүн канализациясына жер үйлөрдүн ажатканасын улап, саркынды суулар бир жерден тазаланганы экологияга зыяны тибейт деп эсептейт. Осмонов башка мамлекеттерде дагы саркынды сууларды тазалоочу станиялар жыттана турганын айтат.

«Адис катары айта алам, баары өзүнчө ажатканаларды курган болсо абал мындан да жаман болот. Миң үй курулса миң ажаткана. Экология мындан да жаман болот. Алар бир жерден тазаланса жакшы эмеспи. Суу булганып кетет жана жыттанып кетет деп айтып жатышат. Ал жерде аралыктар сакталган. Үйлөрдү жакын курушса тургундар өздөрү аралыкты сактабаган болуп эсептелет. Же болбосо архитектура туура эмес берген деп ойлойм. Союз учурунда курулгандан бери өзгөрүлбөй турат. Болгону бир көп кабаттуу үйгө берсек чыр болуп жатат. Бул туура эмес деп эсептейм«,- деди Ормош Осмонов.

Бул боюнча жергиликтүү тургундар 31-январда Ош мэриясына, шаардык жана  облустук прокуротурага арыз менен кайрылышкан. Бирок тиешелүү органдар жооп бере элек.

Жергиликтүүлөрдүн колундагы документте 10-февралда Ош облустук прокуратурасы «Ош шаардык суу канал» ишканасынын башчысы Дөөлөтбек Көкөчөровдун мыйзамсыз аракеттерине карата жазылган арызын шаардык прокуратурага өткөрүп бергени көрсөтүлгөн.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*