Коронавирус: Баткендеги ири базарлар жабылат

Бүгүн 18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов жергиликтүү бийлик органдарына ири азык түлүк, кийим кече, мал жана унаа базарларын жабууга тапшырма берди. 

Ага ылайык, Баткен шаарындагы борбордук базар, Самаркандек базары, Кара-Бак базары жана Кадамжай районундагы Халмион базары жабылат. Ошондой эле район, шаарлардагы ири базарлар да жумушун токтотот. Ал эми күнүмдүк соода түйүндөрү, кичи базарлар иштей берет.

Кечээ түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун биринчи учуру катталды. Оору Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайткан жарандардан табылган. Алар Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары.

Мындан улам бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Ал эми өлкө боюнча коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жок. Бул тууралуу 18-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*