
Ош шаарындагы «Тулпар» ун комбинатына бүгүн Казакстандан 140 тонна ун, 350 тоннадан ашык буудай келип түштү. Бир кап ун 1350 сомдон жогору баада сатылбаш керек. Бир колго эки каптан көп эмес. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Анын маалыматына караганда ундун баасы туруктуу сакталып, көзөмөлдө болот. Калаада азык-түлүкө, анын ичинде унга болгон коркунуч жок. Запас бар, жетиштүү. Жакын арада коңшу өлкөдөн дагы 650 тонна буудай менен 160 тоннадай ун келет.
«Ун менен буудай дайыма келип турат. Чек ара ачык. Аталган ун комбинат менен Ош шаадык мэриясы дан азыгын туруктуу баада кармоо боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Негизинен райондордон келип сатып алып кетип жатышат. Бир адамга 20-30 кап ун деген тема жок. Жалпы жарандарга жетиш үчүн эки каптан ашпашы керек», -деди Абсаттаров.
Буга чейин коронавирус коркунучуна байланыштуу коомчулукта «чек аралар жабылып, тамак-аш тартыштыгы болот экен» деген маалыматтар тараган. Ушундан улам Кыргызстандын бардык аймактарында эл азык-түлүктү, анын ичинде унду, өсүмдүк майын, кумшекерди адаттагыдан көп сатып ала баштаган. Натыйжада 1300 сомдун айланасында сатылып жаткан ун айрым базарларда 1800 сомго чейин кымбаттаган.
Оставьте первый комментарий