
Ош шаарынын Черемушки кичи районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда карантинге жаткырылыгандар шарттын начардыгына нааразычылыгын билдиришүүдө.
Биздин «Фейсбук» баракчабызга келген 2 мүнөттүк тасмада кичи ажылыктан келип, карантинге алынган жарандардын кайрылуусуу тартылган. Анда ооруканадагы шарттын жоктугу, дарыгерлердин карабагандыгы айтылат.
«Бизге 17-март күнү түнкү саат 22:00дөр чамасында Черемушкидеги 7-поликлиникага келгиле деп айтышты. Дароо эле бардык. Коронавируска байланыштуу карантинге жаткырылган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда такыр шарттар каралган эмес экен. Ичи муздак, тазаланбаган. Өзүбүз жылыткыч алып барып жактык. Мындай шартта кайра ооруп калабыз го. Врач деген жок, караган адам да жок. Бүгүн 18-мартта деле акыбал ошол бойдон», -деп билдирди У. А аттуу социалдык тармактын колдонуучусу.
Кийинчерээк ушул эле видеону Азамат Шамшиев да жарыялады.
Материал жарык көрөрдө Саламатыкты сактоо министрлигинин түштүктөгү координатору Абды Шамшиев менен байланыштык. Ал тасмадагы маалыматтар жалган экенин билдирди. 12 бейтаптын анализи алынып, такай дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Ал эми ооруканада бардык шарт каралганын кошумчалайт.
Оставьте первый комментарий