
Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланса 12-апрелге белгиленген жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо токтотулат. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдырахматова «Т-Медиага» билдирди.
«Эгерде Кыргызстан боюнча же болбосо шайлоо өтүп жаткан жерлерде өзгөчө кырдаалды киргизсе анда шайлоо токтойт. Азыр кайсы баскычында баратсак, ошол жерден токтоп турат. Бирок бул чечимди БШК эмес — президент менен Жогорку Кеңеш кабыл алып бериши керек. Биринчиден, шайлоо өзгөчө кырдаал алынганга чейин токтойт. Экинчиден, өзгөчө кырдаал алынгандан кийин эле эртең шайлоону баштадык дегенден алыспыз. Анткени жарандар өздөрүнө келип, жөнөкөй жашоо уланышы керек. Бул өлкө тарыхында, биздин тажрыйбада биринчи болуп жаткан көрүнүш», -дейт Абдрахматова.
Абдырахматова шайлоо кайра башынан дайындалбай турганын, жергиликтүү кеңештерге азыр канча партия катталган болсо ошолор гана катышарын кошумчалады.
«Өзгөчө кырдаал жарыяланса шайлоого байланыштуу бардык иш-аракеттер биз, талапкерлер жана саясий партиялар тараптан токтотулат. Албетте, үгүт иштери да. Анткени үгүт иштеринин өзүнүн мөөнөтү бар. Аны жүргүзүүдө Боршайком бардык талапкерлерге тең укуктуу шарт түзүп бериши керек. Шайлоо жылса ага карап үгүт иштери да жылдырылат».
Коронавирустун алдын алуу жана өлкө аймагына жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин бүгүн талкуулап жатат. Мындай чара коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө максатын көздөйт.
Кыргызстанда 18-мартка караган түнү коронавирус катталган үч киши аныкталды. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирустун биринчи учуру катталды. Оору Сауд Арабиядан кичи ажылыктан кайткан жарандардан табылган. Алар Сузак районунун 70, 62, 42 жаштагы тургундары.
Буга байланыштуу Сузакта өзгөчө кырдаал киргизилди.
Оставьте первый комментарий