
Бүгүн 18-мартка карата Өзбекстанда коронавируска кабылгандардын саны 13 кө жетти. Алардын баары көзөмөлдө. Каза болгондор жок. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
«Вирус Стамбулдан келген дагы бир жарандан аныкталды. Мындан сырткары, Лондондон келген жарандын жолдошунан да табылды. Экөө тең ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө«, -деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кыргызстандын жергиликтүү басылмалары Өзбекстанда коронавирустун бир жаран каза болгонун жазып чыккан болчу. Бирок бул чындыкка дал келбейт. Алардын абалдары канаатандырарлык, учурда керектүү медициналык жардамдарды алышууда.
Өзбекстан бийлиги 16-марттан баштап бул илдетке байланыштуу чек араларын жаап, каттамдар токтотулган.
Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 182 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 7154ү каза таап, 79 миңден ашуун киши сакайды.
Оставьте первый комментарий