
Коронавирус боюнча өлкөдө түзүлгөн кырдаалга ылайык, Ош шаарында 4 базар жабылууда.
Бүгүн, 20-марттан тарта борбордук автоунаа базары, автоунаа тетиктерин саткан базар, кийим-кечек саткан борбордук жана «Келечек» базары убактылуу жабылат.
Мындан тышкары коомдук транспорт жана тамактануучу кафелердин иштөөсү да токтойт. Мындай аракеттер алдын алуу чаралардын алкагында көрүлүүдө. Ал эми азык-түлүк саткан жайлар жана дарыканалар иштей берет. Ошондой эле коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам штаб эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштоодо. Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Кандайдыр бир суроолор жаралса, төмөнкү телефон номерлерге кайрылсаңыздар болот.
Кыргызстанда коронавирус жуккан жалпы 6 бейтап бар. Коронавирус боюнча алгачкы 3 учур 18-мартта жарыяланган. Алар да Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузактын тургундары. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен.Сузак районундагы Благовещенка, Орто Азия жана Бостон айылдарында өзгөчө кырдаал киргизилген.
20-мартта Ноокатта вирус жуктурган 3 киши аныкталган . Бейтаптардын баары Сауд Арабиясына умрага барып келген.
Оставьте первый комментарий