Билим берүү мекемелери дистанттык негизде окутууну баштайт

Мектептерде окуу мөөнөтү жай айларына чейин узартылбайт. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, министрлик төртүнчү чейректеги окуу процессин дистанттык негизде окутуу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүп жатат.

«Биздин максат – интернеттин бар-жогуна карабастан, бардык окуучуларды камтуу. Ошондуктан биз ТВ, уюлдук тиркемелер жана мессенджерлер аркылуу аралыктан окуунун альтернативдүү ыкмаларын иштеп жатабыз.Билим берүү мекемелерине киргизилген үч жумалык карантиндин убактысы узартылса да окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт”, — деди Өмүров.

Ал эми министрликтин сайтында келерки жума ичинде 1-11-класстар үчүн “санарип дарбаза” порталы ишке кирери кабарланды. Бул порталдан алынган билимди бекемдөө үчүн окуу материалдарды, атайын тесттерди көрүүгө болот.

Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары 16-марттан тарта үч жумага карантинге жабылган эле.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4880 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо