Кыргызстанда «Биз Барбыз» элдик штабы түзүлдү

Элдик штабка ар бир каалоочу кире алат: телеграм, фейсбук, инстаграм топтору бар. Учурда топко өлкөнүн ар кайсы аймактарынан миңге жакын адам кошулган. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
 «Биз Барбыз» кыймылынын иш-чаралары республикалык штаб менен өнөктөштүктө ишке ашырылат. Ошондой эле ыктыярчылардын тобу бар. Алар керек болгон жерлерге тамак-аш, беткаптарды, коргоочу каражаттарды жеткирүүгө жардам беришет. Мисалы, обсервациядагы медицина кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик посттордогу милиция кызматкерлерине жеткиришет.
 
18-28-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталды. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда.
Т-медиа
Автор Т-медиа 3509 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо