Коронавирустун айыл чарбага тийгизген таасири. Ошто үрөн, жер семирткичтердин баасы көтөрүлдү

Өлкөдө жазгы талаа иштери башталып калган учурда коронавируска байланыштуу кырдаал күчөп кетти. Кыргызстан менен дайыма соода-сатык кылган мамлекеттердин баары чек арасын жапты.

Мындан улам Оштун базарларында сапаттуу үрөндүн баасы менен жер семирткичтердин кымбаттаганы байкалды. Талаа иштери Ош облусунун жаз эрте келген райондорунда апрель ичи, тоолуу аймактарында майдын ортосуна чейин жүрөт. Мындан улам дыйкандар эгин эккенге жетишип калышы шарт.

Араван районундагы «Малик» дыйкан чарбасынын башчысы Икрам Халматов жыл сайын ижарага жер алып иштетип келген. Бирок быйылкы жылы каражаттын жетишсиздигинен улам жылдагыдай көлөмдө эгин эге албай калды. Анын жер семирткич үчүн былтыркы эсеп менен болжоп бөлгөн каражаты быйыл үрөнгө жетпейт.

Дыйкандын айтымында, мурун базарда аммофос жер семирткичи — 28 сом болсо, азыр 32 сомго чыкты. Карбамид (мочевина) 20 сомдон 24 сомго кымбаттаган. Ал эми азот  беш сомго көтөрүлгөн ( мурунку баасы 17 сом).  Ар бирине 4-5 сомдон кошулганы гектарлап жер иштеткен дыйкандарга билинбей олтуруп оорчулук алып келет.

«Азыр жүз килограмм жер семирткич сала турган жерге 50 килограмм салууга туура келип жатат. Акча маселеси дыйкандарга кыйын. Арзан болсо элге жакшы эле. Нормадан аз дары берсек, түшүмдөрүбүз да жакшы болбой калышы мүмкүн«,- деди Халматов.

Экинчи жагдай, быйыл өкмөт коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу ар бир районго 2 миңден 4 миң гектарга чейин буудай себүүнү тапшырды. Бирок планды аткаруу үчүн  аймактарда үрөн жетишпестиги көйгөй жаратып жатат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Маматжалил Токторбаевдин «Т-Медиага» билдиришинче,  учурда 30 миң гектардай жерге арпа-буудай себилген. Дагы 15 миң гектардан ашык жерге буудай үрөнү жетишпейт. Башкача айтканда 300 тоннадан ашык дан керек.

«Буудай үрөнн кошумча эккенге жетпей жатат. Азыр  аба-ырайына дагы карайт. Күн жылып кетсе сугат жерлерге гана эгилип, кайрак жерлерге эгилбей калып кетиши мүмкүн. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча акыркы беш жылда буудай эгилген аянттар азайган. Казакстандан даяр ун келип турган. Ошонун негизинде айдоо аянтттары азайган болчу. Эми болсо тапшырма келди, быйыл буудайдын аянттары 15 миң гектарга көбөйөт»,- деди Токторбаев.

Ал кошумчалагандай, буудайдан башка үрөндөр облуста жетиштүү. Бирок коронавирус айыл чарбасына терс таасирин тийгизе баштады. Мисалы Өзбекстан жана Казакстандан жер семирткичтер 3-4 күндөн бери келбей калды. Азыр облустун дыйкандардын 50%ын гана камсыз кылууга күчү жетет.

«Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарына кирген өзгөчө абалга байланыштуу ташууда көйгөйлөр жаралып жатат. Бизде жер семирткичтер, химикаттар жана башка көп нерселер Ош шаарында жана Кара-Суу районунда жайгашып калган. Себеби Аравандан Кара-Сууга барыш үчүн Ош шаары аркылуу өтөт. Облустагы баардык райондор шаар аркылуу өтөт. Тоскоолдук жок деп айтып жатканы менен убакытты алып жатат»,-деди Токторбаев.

Пахта, арпа жана буудайды эске албаганда көпчүлүк үрөндөр чет өлкөдөн келет. Учурда сапаттуу бир килограмм үрөндүн баасы 20-30 сомго көтөрүлгөн дейт үрөнчүлүк боюнча эксперт Жыргал Мусаев.

Айыл чарбасы боюнча адис Сагындык Эмилбек уулу коронавирус айыл чарбасына сөссүз таасирин тийгизет деген пикирде. Учурдагы кырдаал курчуган сайын жер семирткичтердин баасы көтөрүлө берет. Ошондуктан  дыйкан-фермерлерге колдоо көрсөтүү керек. Дыйкандардын көпчүлүгүн орто жана ортодон төмөнүрөөк кирешелүү үй-бүлөлөр түзөт. Алардын көпчүлүгү сактап жүргөн каражаттарын күтүүсүз келген кризиске байланыштуу, күнүмдүк тамак-аш жана керектелүүчү нерселерге жумшап салышты. Дыйканчылыкка – жерди айдоо түздөөгө, үрөн, жер семирткичтерди алууга сактап жүргөн капитал автоматикалык түрдө азайды.

Сагындык Эмилбек уулу, айыл чарбасы боюнча адис.

«Дыйканчылык жана фермерчилик мамлекеттик аралык, региондор аралык, айылдар аралык карым-катнашка тыгыз байланыштуу. Карантинге байланыштуу бир айылдан экинчи айылга баруу дагы кыйын болуп калды. Базарлар жабык. Байланыш үзүлсө терс кесепеттери көп болот. Үрөндөр жер семирткичтер жана башка дыйканчылыкка керек болгон заттар убагында келбей калышы мүмкүн, келсе да өтө кымбат баада келиши толук ыктымал. Киргизилген чектөөлөрдөн улам кошуна мамлекеттер менен жабылган чек-араларга байланыштуу учурдагы абал катаал. Көпчүлүк дыйкан-фермерлер айыл чарбасына керектелген капиталга деп мал-жандыгын даярдап коюшат да, керек болгондо сата калам деп. Бирок бүгүнкү күндө мал базарлар дагы жабык. Албетте бул вирустун коркунучунан улам ушундай аргасыз абал жаралып жатат. Бирок фермерлерди коргоо, колдоо учун «кризисти алдын алуу» пландарын тездетип, жеңилдиктер, субсидиялык программалар уюштурууу зарыл. 1-2 айдын ичинде колдоп калыш керек. Андан кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Үрөндөрдү, жер семиркичтерди жана башка дыйканчылыкка керектүү заттарды, айдоо түздөө иштерине жеңилтдетилген насыялар же кайтарымы бар гранттык программалар аркылуу болсо дагы жардам бериш керек», -деди Сагындык Эмилбек уулу.

Айыл-чарба сезондук нерсе. Көпчүлүк эгиндер убагында эгилбей же аз көлөмдө эгилип калса, алардын баасы кымбаттайт. Кыргызстанда орто үй-бүлө кирешесинин 60 пайызынан көбүн тамак-ашка сарптайт. Эгер азыркы жетишсиздиктен улам күзүндө, кышында азык-түлүк кымбаттаса чакан мамлекеттин экономикасына, жалпы өлкө экономикасына терс таасирин тийгизет. Көпчүлүк тамак-аш азыктарын импорттогонго туура келет. Импорттун көптүгү экономикага зыян деп кошумчалайт адис.

Ал эми айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, коронавирустун айыл чарбасына тийгизген таасири боюнча учурда министрликте мониторинг жүргүзүлүп жатат. Күйүүчү май , үрөн жана жер семирткичтер кыш айларында жетишерлик камдалып бүткөн. Учурда жазгы талаа иштерине байланыштуу өзгөчө абал кирген аймактарда блок-посттордон өтүү көйгөй жаратып жатат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев

«Учурда коңшу өлкөлөрдөн азык-түлүк кирип чыгып турат. Ошондуктан таңкыстык байкалган жок. Жазгы талаа иштерине блок-посттор кыйынчылык туудуруп жатат. Аны жетекчиликтер менен сүйлөшүп чечип жатабыз.  Жер семиркичтер коңшу өлкөлөрдөн мурда эле алып келинген. Бизде кышта жайкыга даярдыктар көрүлгөн. Жер семиркичтер азыр жазгы талаа жумуштарына жетиштүү бар. Ошондуктан башка жактан азырак келип жатат деген көйгөй жок. Буга чейин эле Орусиядан Кзакстандан, Өзбекстандан жер семирткичтер алып келинген. Азыр үрөн сураган дыйкандарды камсыздап, кылкандуу дан эгиндеринин аянтын көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Бизде буудайдын аянты 240 миң гектар болсо, өкмөт тарбынан 300 миң гектарга плвн коюлду», —деди Керималиев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы ылайык, айыл чарбасынын үлүшү өлкөнүн ички дүң өнүмүндөгү көлөмү 2014-жылы он төрт пайызды түзсө, 2018-жылы он бир пайызга түшүп кеткен. Адистер бул көрсөткүч коронавируска байланыштуу дагы төмөндөй турганын айтышат. 2018-жылы өсүмдүк өстүрүүнүн көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 108,2 миллиард сомдон 100,5 миллиард сомго чейин же 7,7% азайган. Анын ичинен картошка өндүрүү 29%, жашылча 17,8%, бакча жемиштерин өндүрүү 6,1% жана жүзүм өндүрүү 8,8% азайган.

Кыргызстанда айыл чарба өлкө экономикасынын реалдуу секторунун артыкчылыктуу тармагы болуп эсептелет. Элдин 60 пайызы айылда жашап, дыйканчылык жана фермерчилик менен алек. Ал эми 30 пайыз элдин тиричилиги айыл чарбасы менен түздөн түз байланыштуу.

Ош облусунда жазгы талаа жумуштары башталды. Планга кирген 182 миң гектар жердин 60 миң гектарына кош айдалды. 12 607 га жер айдоо болуп 2070 га жаздык буудай, 3880 га арпа, 53 га картошка, 48 га жүгөрү, 48 га жашылча эгилди. Жердин аянты былтыркыга салыштырмалуу бир жарым миң гектарга көбөйдү.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо