Онлайн билим берүү: студенттер менен жеке мектеп окуучулары контракт акысын төлөшөбү?

Өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу 1-апрелден тарта мектептер жана окуу жайлар дистанттык (үйдө отуруп) окутууга өттү. Жогорку окуу жайлар жана жеке менчик мектептердин келишимдик акысы кандай болот деген суроо ачык турат. Биздин редакция бир нече окуу жайлар менен байланышып, маселе кандай болуп чечилерин тактадык.

31-марттагы брифингде Билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров контракт маселеси боюнча ар бир жогорку окуу жайы өзү чечим кабыл алышы зарыл экенин билдирип чыкты. Азыркы тапта студенттер дистанттык түрдө окуп, айрымдары үйлөрүндө болгондуктан министрликке контракт маселеси менен көп кайрылып жатышат.

«Ар бир жогорку окуу жайга келишимдин негизинде комиссия менен бул ишти карап, студенттердин мүмкүнчүлүгүн эске алуу тапшырмасы берилген. Алар студенттин контрагынын төлөө мөөнөтүн жылдырууга мүмүнчүлүгү бар», -деди Өмүров.

30 миң студенти бар Ош мамлекеттик университети азыркы кырдаалга байланыштуу студенттерин келишим акыны «төккүлө» деп мажбурлабай турган болгон. Окуу жайдын өнүктүрүү жана инвестициялар департаментинин директору Жанболот Турсунбаев аларга карантин бүткүчө убакыт берилерин билдирди.

«Келишимдин негизинде студент контрактын 50%ын сессиянын биринчи семестринде, калганын экинчи семестрде бөлүп төгөт. Азыр кырдаалга жараша ар бирин түшүнүүдөбүз. Акчасы жок отуруп калгандарды карантин бүткөнчө, ата-энелерде мүмкүнчүлүк болгонго чейин жылдырганга аракет кылып жатабыз. Эгер, акчасы даяр болуп, «төлөйт элем» деген студентке куратору видеоролик жөнөтүп, онлайн жолдорун көрсөтүп берип жатат. РСК, «Айыл банк» жана «Керемет» банктары аркылуу төксө болот. Андан тышкары  коммерциялык банктардан «Финка» жана «Демир банктары» менен да келишимибиз бар», -дейт Жанболот Турсунбаев.

Кыргыз-өзбек университети өзбекстандык студенттер мекенине которула баштаганда контрактын 70 пайызын төктүрүп калганга жетишкен. Ал эми калган студенттердин бул көйгөйүн азырынча окуу жай карай элек.

«Бизде азыр жалпы 12 миң студент билим алат. Азыр эч кимиси менен сүйлөшө элекпиз. Дүйшөмбү күнү декандар, кафедра башчылардан тарта ректорлорго чейин онлайн өндүрүштүк жыйын өтөт. Ошондо карайбыз. Азырынча так маалымат бере албайм. Кырдаал ошондой болуп калды. Карантинге карайбыз, зордуктай албайбыз», деди окуу иштери боюнча проректор Топчубай Исаков.

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Бексултан Көкөновдун маалыматы боюнча, калаада 25 жеке менчик мектеп бар. Азыр окуу процесси онлайн  жүрүп жаткандыктан контракт төлөнө берет. Анткени басымдуу мектепте окуучулардын саны аз.

Биз жеке менчик мектептердин бир нечеси менен байланышууга аракет кылдык. «Илим-Ош» мектебинин директору Алима Абдивасиева дистанттык окутууга өтүшкөнүн, ата-энелерге келишим акынын жарымын төлөө милдеттендирилгенин билдирди.

«Бизде контракт акы 8 миң 200 сом. Ата-энелерге бизден жардам болсун деп азыр тең жарымын төлөтүп жатабыз. Мисалы, жол киреси, тамак-ашы, кээ бирки сабактары (дене тарбия, сүрөт, музыка, бий) төлөмдүн ичинен алынган. Ошонун баарын эсептеп чыктык».

«Аха-Хан» мектеби да келишим акыны 50%га кыскартууну пландап жатканын, маселе жакынкы күндөргө белгиленген жалпы чогулушта чечилерин кошумчалады.

_______________________________________________________________________________

Эске салалы: дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустан улам Кыргызстанда мектептер менен окуу жайлар 16-марттан 8-апрелге чейин кезексиз каникулга тараган. Кечээ, 31-мартта Билим берүү министрлиги алар окуу жылын дистанттык режимде аяктарын билдирди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4047 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо