
Адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор үй температурасына ылайыкташкандыктан, суукка чыкканда бир аз туура эмес көрсөтүп коюшу мүмкүн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев бүгүн брифингде билдирди.
«Бул орчундуу маселе.Тепловизорлор бөлмөнүн температурасына ылайыкталган. Ал суук температурада бир аз так көрсөтпөй калган маселелер болду. Кытайдан гуманитардык жардам катары тепловизорлор келди. Сырттагы тепловизорлого алмаштырып, сезгичтиги жогору тепловизорлорду беребиз», -дейт Караптаев.
Кечээтен бери интернет айдыңында өзгөчө абал киргизилген аймактардын карантиндик посторунда тепловизорлор адамдын дене табын туура эмес көрсөтүп жатканы талкууланып жатат.
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 280 болду, алардын төртөө каза тапты.
Оставьте первый комментарий