Кошумча айлык: убадаланган сумма дарыгерлердин колуна толук тийеби?

Кыргызстанда коронавирустун очогу болгон жерлерде иштеген медиктерге март айы үчүн алгачкы кошумча эмгек акысы төлөнө баштады. Дарыгерлерге 46 миң сомго чейин, ортоңку медперсоналга 41 миң сомго жана тейлөө жагында иштегендерге 38 миң сомго, ал эми нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миң сомго чейин төлөнүп берилет. Көрсөтүлгөн сумманы медиктер колуна толук алышабы, салык пайыздары кармалбайбы деген суроо ачык бойдон. 

Кошумча төлөмдөрдү көпчүлүк дарыгерлер колдоруна алыша элек. Оштогу обсервацияда коронавируска чалдыккан бейтаптарды карап жаткан Клара аттуу дарыгер кесиптештеринен «Кошумча төлөм толук тийбейт жатат» деп укканын айтат.

«Бир тыйын ала элекпиз. Коронавирустун очогунда иштеп жүргөн дарыгерлерге 46 миң сомдон берилет деп айтышты. Менин угушум боюнча  алардын колуна 33 миң сомдон тийип атыптыр», -деди ал.  

Экономикалык серепчи Эльдар Абакировдун айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге кошумча акы төлөнөт дегени менен белгиленген сумма алардын колуна толугу менен тийбейт. Өкмөт мыйзам боюнча дарыгерлерге салыктын бардык түрлөрүн сактоо менен кошумча төлөмдөрдү берүүгө аргасыз.

«Негизи салык алынат. Социалдык төлөмдөр, пенсия, камсыздандыруу төлөмдөрү, кирешеден алынган салык, анын баары мыйзам боюнча алынышы керек. Бул жерде маселе башка да, салыктардын көлөмү көп болуп жатпайбы. Ошону азайталы деп канча аракет кылдык бирок жыйынтык болбоду. Ошонун айынан ишкерлердин жарымы көмүскөдө иштейт да. А мамлекеттик ишкерлер көмүскөгө кете албайт. Милдеттүү түрдө баарын төлөйт. Эсептеп келгенде 46 000 сомдун 37, 5%ы салыкка кетип жатат. Ошондо дарыгер 33 миң сомун гана колуна алат. Калганы социалдык төлөм менен кирешеден алынган салыкка кетип калып атат», -дейт Абакиров. 

Бирок вице-спикер Аида Касымалиева дарыгерлерге кошумча эмгек акы кармалбастан толук берилерин билдирди. Ал коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепти көзөмөлдөгөн комиссиялык топтун мүчөсү катары буларды айтты:

«Комиссия дарыгерлерге 38,5 миллион сомду бөлүштүрүү боюнча протокол түзүп жатканда бул каражатты стимул катары бекитип бергенбиз. Демек, жумушчу топтун чечимине ылайык, кошумча төлөмдөн салык алынбайт», — деди Касымалиева.

Жогоруда айтылган маалыматтардан жыйынтык чыгарсак: эксперт менен комиссиянын мүчөсүнүн айткандары карама-каршы чыгып калды. Ошентип, көрсөтүлгөн сумманы медиктер колуна толук алышабы, салык пайыздары кармалбайбы деген суроо дале ачык бойдон турат.

Маалыматка тактоо киргизүү үчүн Каржы министрлиги менен бир нече жолу байланышууга аракет кылдык.  Бирок жыйынтык болгон жок.

Кыргызстанда коронавирустун очогу болгон жерлерде иштеген медицина кызматкерлерине 8-апрелден тартып кошумча акча төлөнө баштады. Стимул катары берилчү каражат коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсептеги сумманын бир бөлүгү. Тактап айтканда элден жардам катары топтолгон акча.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган медиктердин саны 34кө жетти.

Автор Т-медиа 11885 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*