5-май: Коронавирус дагы 13 адамдан табылды, көбү Бишкекте

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 13 адам катталды. Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын арасынан Бишкекте 8, Нарын облусунда беш адам.

Үсөнбаевдин айтымында, бир суткада 25 бейтап айыгып чыкты.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата коронавируска чалдыккандардын саны 843кө жетти, алардын он бири кайтыш болду, 600 бейтап айыгып чыкты.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо