Бишкектеги балдар ооруканасында коронавирусту массалык жугузуу катталды

Ооруга кабылгандардын катарында балдар, энелер жана медиктер бар экенин республикалык штабдан билдиришти.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гематология бөлүмүндө буга чейин дарыланып кеткен бейтапта коронавирус аныкталган. Ал дарыланып чыгып Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан баргандан кийин маалым болду. Аймактан билдирүү түшөрү менен бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер изилденип, ПЧР диагностика 7 адамда коронавирус бар экенин тастыктады.

Алардын ичинде 2 бала, 3 эне жана 2 медициналык кызматкер бар. Калган 20 кызматкерде, 13 балада жана 7 ата-энеде тесттин жыйынтыктары терс болуп чыкты. 14 күн бою алар медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун экинчи базасында бейтаптар кабыл алынган эмес, дезинфекциялык иштер жүргүзүлгөн. Мында 13 бала ден соолугу оор абалда болгондуктан, медициналык жардамга муктаж жана катаал карантиндик чараларды сактоо менен бөлүмдө дарылануусун улантууда.

20 кызматкер үчүн имараттын биринчи жана экинчи кабаттарында обсервация уюштурулган, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо