Ташиев: Замирбек Аскаров элден кабар албаган үчүн кызматтан кетиш керек

Баткен жана Жалал-Абад облустарында селден жабыркаган жарандан өзгөчө кырдаалдар министри катары кабар албаган үчүн Замирбек Аскаров жоопкерчилиике тартылып кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу «Ата Журт» саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

Саясатчы Замирбек Аскаров жеке өзү жанын тобокелге салып иш кылса адамдардын өмүрү жана коопсуздугу сактала турганын жана министрлик кызматын аткара албай жатканын билдирген.

«Эгерде мамлекетибиздин кайсыл бир жеринде өзгөчө кырдаал түзүлүп калса жана ошол убакта сизди президент, премьер-министр же ЖК чакырып калса, анда аларга барбастан туруп биринчи кезекте жабыр тарткан элге барууга милдеттүүсүз. Өзгөчө кырдаал болгон жерден туруп президентке жана премьер-министрге түзүлгөн абал жөнүндө кыскача маалымат берип, жеринде чара көрүүлөрдү уюштурууга милдеттүү элеңиз. Бардык түзүлгөн абалга орун басарыныз эмес, министр түз жоопкерчиликти өз моюунуна алышы керек«,- деп айтылат билдирүүдө.

2-майдагы мөндүр аралаш жааган жаан Баткендин Лейлек районундагы 32гектар бак-даракты күүп салган. Мындан тышкары 40 гектар эгин талааларын суу каптаган. Облус селден 55 миллион 296 миң сом зыян тартты.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*