Интернетти көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзамды колдойсузбу? Сурамжылоо

Кечээ, 14-майда Жогорку Кеңештин сайтында «маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова.

Мыйзам долбоорунда жарандардын жана юридикалык жактарды интернеттеги жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталгандыгы жана интернет колдонуучулары, сайттын ээлери жана интернет провайдерлеринин укук-милдеттери жазылган.

Долбоорго ылайык, эгер мыйзам бузулган учурда Интернет сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алат. Ошондой эле провайдер интернет колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалымат, текст, сүрөт же башка электрондук маалыматтарын алты айга чейин сактап коюусу керек болот.

Ал эми «Медиа Полиси Институту» уюму тараткан билдирүүгө ылайык, бул мыйзам долбоору конституцияга каршы келет жана жарандардын укуктарын, эркиндиктерин чектейт. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өзгөрүшүнө алып келээрин, ишкерлерге жана жарандарга кошумча түйшүк жүктөй турганын билдирген.

Сиз аталган мыйзам долбоорун колдойсузбу? Бул сөз эркиндигине чектөө эмеспи?  Биздин сурамжылоого катышып, өз оюңузду билдириңиз.


Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*