
Өзгөн райондук милициясы, Өзгөн шаары менен Куршаб айылынын жашоочуларына бекер беткап таратты. Бул район аймагында коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздоо жана короновирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында демилгеленген.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда милиция кызматкерлери эл көп чогулган жерлерде, базарларда, соода түйүндөрдө жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөшүүдө.
Мындан сырткары, обсервацияда, ооруканаларда жугуштуу илдет менен ооруп жаткан бейтаптарды кайтарып, үй карантинине алынган жарандарга көзөмөл кылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатышат.
Республикалык штабдын мааалыматы боюнча, Өзгөн районунда коронавирустун 22 учуру катталган.
Оставьте первый комментарий