Тендер кемчиликтери: Оштогу жолдордун оңдолушу. 2-бөлүм

Оштогу Аскар Шакиров көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринде сиз билбеген мүчүлүштүктөрдү «Т-Медиа» буга чейин жазып чыккан болчу. Көчө пайдаланууга берилгенден кийин Ош шаардык мэриясы бир эмес эки жолу тендер жарыялап, жети жарым миллион сомду бир эле фирмага бөлүп бергенинен кабарыңыз барбы? 

2019-жылы май айында Аскар Шакиров атындагы көчөнү оңдоо иштерине өткөрүлгөн биринчи тендерге «ТаС и Ко» компаниясы 69 миллион 200 миң сом сунуштап жеңип алган. 

Бул сүрөт 2019-жылдын 19-декабрында Шакиров атындагы көчө реконструкцияланып, пайдаланууга берилген күнү тартылган. Ошол мезгилдеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда кызыл тасмасы кесилип, расмий ачылыштагы учурларды Ош мэриясы «Фейсбуктагы» баракчасына жүктөгөн.

Биринчиден: Жаңы төшөлгөн асфальттын табы кете элек учурунда, тактап айтканда ачылышына эки күн калганда (17-декабрь күнү) Ош  шаардык жолдор башкармалыгы көчөнүн сел участкаларын калыбына келтирүү иштери үчүн 4 млн 160 миллион сом бөлөт. Тендер жарыяланат. Иштин көлөмүнө көңүл бурсак: анда жер иштерин жүргүзүүдө дээрлик 4000 куб метр топуракты алып чыгуу, суу түтүктөрүн орнотуу иштери көрсөтүлүп, ал жумуштар 14 күндө, тагыраагы 31-декабрга чейин бүткөрүлүүсү зарыл деп жазылган. Бирок ызгаардуу декабрдын күндөрүндө бул иштер жасалганын Аскар Шакиров көчөсүнүн жашоочулары эстей албайт.

Экинчиден: Тендерди өткөрүү үчүн порталга илинген жарыяда да өзгөчө каталарды көрөбүз. Балким шашылыш жазылганбы же чындап каталарга көңүл бурулбаганбы айтор, 2010-жылкы июнь окуясында эки элди достука чакырам деп чагымчылдардын колунан каза болгон Ош шаардык кенешинин маркум депутаты Аскар Шакировдун фамилиясы ката жазылган. Бир жерде  А.ШАКИРВА экинчисинде А. ШАКАИРВА деп жүрөт.  

Үчүнчүдөн: Бул конкурса эки компания катышып,»Ак-Белес» акционердик коому 3,3 млн сом сунуштаса, жолду курган «ТАС и КО» фирмасы 4,2 млн сом бермей болгон.

Дээрлик бир миллион сомго кымбат кызмат акы сунуштаганына карабай, тендердин жеңүүчүсү болуп «ТАС и КО» ЖЧКсы таанылган. Бирок КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктуна ылайык, көрсөтүлгөн баалардын мониторинги жүргүзүлгөн эмес. Көрсөтүлгөн сумма эмненин негизинде бекитилгени белгисиз. 

Төртүнчүдөн: Эң кызыгы, Ош шаардык жолдор башкармалыгы сел алып кетет деп корккон Аскар Шакиров көчөсүндө сел жүрүү ыктымалы жок эсе деп ӨКМдин өкүлү айтып берди:

«Аскар Шакиров көчөсүндө сел коркунучу боло турган жерлер бизде катталган эмес. Жөнөкөй эле жаан суусу ага турган арыктар бар. Сел каналдары жок. Жолду оңдоп жаткан учурда эки тарабындагы арыктарды кошуп оңдогон. Башка сел коркунучу жаралган жер жок»,— деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча калктуу аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Улан Жусубалиев.

Бешинчиден: Ош мэриясы аталган көчөдөгү сел аймактарын калыбына келтирүү иштерине каражат шаардык бюджетте каралбаса да тендерге койгон. Муну порталдагы квалификациялык талаптар бөлүгүнөн көрсөк болот. Анда «Бул тендерге бөлүнгөн акча 2019-жылдын бекитилген бюджетинде каралган эмес. Акча каражаттары келээрки 2020-жылдагы бюджетке ылайык каралат» деп даана жазылган. Суроо: акча жок туруп кантип тендер өткөрүлдү? 

Ушуну менен  эле Аскар Шакиров көчөсүнө байланыштуу тендер маселеси бүткөн жок. 2020-жылдын март айында үчүнчү конкурс жарыяланып, анда 3 ай мурда эле жаңы салынып пайдаланууга берилген көчө дагы кеңейтилип, реконструкцияга муктаж деп турат. Бул иштерди жасоого Ош шаардык жолдор башкармалыгы жергиликтүү бюджеттен 3 млн 457 миң 944 сом бөлүүгө даяр экендигин айткан. Бул тендер түз келишим аркылуу кайрадан эле «ТАС и КО» фирмасына берилген. 

Мэрия бул каражатты КРнын  “Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө мыйзамына ылайык берилгенин билдирген.

“Келишимде көрсөтүлгөн аткаруучу жумуштардын көлөмүнүн жогорулоосунан улам, мурдагы аткарылган жумуштардын көлөмүнүн көп болгонуна байланыштуу, кошумча курулуш иштерди же кызматтарды аткарууда, мурда келишимде бекитилген суммадан 25 пайыздан ашпаган суммага чейин, мурда келишим түзгөн аткаруучу менен кайталап келишим түзүү сарамжалдуу жана кызматтардын сапаттуу болушуна кепилдик берет”.

Ошол эле мыйзамдын 21-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мурдагы аткарылган иштердин көлөмү чоң болуп калса коротулган каражаттын 5 %дык наркын ажыратуу каралган. Бирок Ош мэриясынын жолдор башкармалыгы мыйзамдагы 5 пайызды беш эсе көбөйтүп, 25% деп көрсөткөн. 

Жалпы жыйынтык:

  1. Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсүн оңдоп-түзөөгө жалпы 3 жолу тендер жарыяланып, коомчулукка айтылган 69 миллион сом эмес, 77 миллион сомго жакын акча кеткени;
  2. Эмнегедир ушул акчанын бардыгын эки тендерде эң коп сумма сунуштаган «Тас и КО» компаниясынынын эсебине которгону;
  3. Сел коркунучу жок болсо дагы суу түшөт деген жүйөөнү келтирип, дагы 4 миллиондон ашык сомду короткону;.
  4. Бирок 5 ай иштетилбеген жолдун тамтыгы чыгып, жамалганы;
  5. Бюджетте жок акчага тендер жарыяланганы;
  6. Тендер жарыялаган Ош шаардык жолдор башкармалыгынын адистеринин Аскар Шакиров атындагы көчөнү туура эмес жазганы, ал аз келгенсип мыйзамды толук билбегени  (5 пайызды 25 пайызга айландырганы);

 

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*