Өлкөдө таза суу чыга элек 346 айыл бар. Инфографика

Ош шаарынын карамагындагы Дача айылына такыр таза суу чыга элек. Аталган аймак калаадан 15 чакырым гана алыстыкта жайгашкан. Мында 500гө жакын үй-бүлө жашайт. Бирок шаарга караган айыл болгонуна карабай жашоочулар тейлөө кызматтарын колдоно албай келишет.

Суу жок болгондуктан бак, эгин өспөйт. Баары куурап, чөлгө айланып бараткандай сезилет. Жашоочулар ичүүчү суу менен кошо короодогу дарактарына да сууну кыш, жаз дебей сатып иштетишет.

Ал эми жалпы өлкө боюнча таза суу такыр чыга элек 300дөн ашуун айылдар бар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5098 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо