
Бүгүн Бишкекке Кувейттен кыргызстандын 102 жараны алынып келинди. Алар «Jazeera Airways» чартердик каттамында «Эль-Кувейт – Бишкек» багыты менен кайтышкан.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган каттамда Кувейттин сырткары, Катар, Египет жана Малайзиядагы кыргызстандыктар да кошулган.
Учурда алардын баары медициналык көзөмөлдөн өтүп, обсервацияларга алынган.
Ошондой эле ТИМ маалыматында ушул тапта мекенге кайтууна каалаган чет өлкөдөгу жарандарды алып келүү иштери улантылып жатканын кошумчалаган.
Пандемия каптаган 3 айдан бери өлкөгө башка мамлекеттерде жүргөн 10 миңден ашуун кыргызстандыктар атайын чартердик каттамдар жана уюштурулган транспорттор менен алынып келинген.
Оставьте первый комментарий