
Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Алар:
Республикалык клиникалык ооруканада даарыланып жаткан эки бейтап. Алар 55, 76 жаштагы эркек кишилер.
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 2 бейтап. 70, 49 жаштагы аял кишилер.
Клиникалык төрөт үйүнөн 27 жаштагы келин.
Жайыл аймактык ооруканасынан – 44 жаштагы эркек киши.
Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 53 жаштагы эркек киши оорудан айыга албай каза болушкан.
Өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы каза болгондордун саны 57 кишини түздү. Ал эми акыркы суткада жаңы 279 адамдан илдет аныкталды.
Оставьте первый комментарий