
Коронавирус илдетине байланыштуу өзгөчө абал режими азырынча киргизилбейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Мамлекет башчы коронавирустун жайылышына массалык иш-чаралар себеп болуп жатканын айтып, республикалык штаб тойлорду өткөрүүгө расмий тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жеткенин айтты.
«Айрым мекендештеринбиз аткаминерлер массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздуга жасалган кыянатчылык. Баардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого күч аракетин жумшап жатса эч кимди көзгө илбей, той өткөргөндөргө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдери болбогону өкүндүрөт. Акыркы убакта дал ушул иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатат. Республикалык штаб, жергиликтүү бийлик мындай жоосунсуз жоруктарды көрмөксөн укмаксан болгонго акыңар жок. Тиешелүү талаптарды сактабагандардын баарына чара көрүлүшү керек»,- деди Жээнбеков.
Президент өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги менен катар эле жарандардын жоопкерчилиги да чоң маангиге ээ экендигин кошумчалады.
30-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учуру катталды. Жалпы көрсөткүч 5296га жетти. Анын ичинен 2370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса 50 бейтап каза болду.
Оставьте первый комментарий