
Аксы районунун Кербен шаарынын 33 жаштагы тургуну күйөөсүнүн токмогунан улам ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 26-август күнү саат 07.30 чамасында Аксы райондук аймактык ооруканасынан милицияга кабар келип түшкөн. Анда Кербен шаарында 33 жаштагы келинди күйөөсү электр зымы (электропровод) менен сабап ооруканага келгени айтылган.
Бул окуя «Үй бүлөдөгү зомбулук » болуп катталып, Жоруктар кодексинин 75-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Окуя Жазык кодексинин 144-беренесине квалификацияланып (Уруп-согуу кыйноо), шектүү 15 суткага камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Ал эми келиндин абалы оор деп бааланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Оставьте первый комментарий