
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунда жер титирөө катталганын кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-августь күнү саат 09:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында — 3,5 балл, Карамык айылында — 3 балл жана Шибээ айылында – 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Оставьте первый комментарий