Ак-Буурадагы курулуш. Күмөндүү тендердеги олигархтын карааны

Ош мэриясы пандемия учурунда ири курулушту баштады. Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү ишин, тендерден  «Капитал курулуш» компаниясы утуп чыкты. Биздин редакция жарыяланган тендерди карап чыгып, анын жүрүшүндөгү бир канча күмөндүү жагдайларды жана тендерден уткан «Капитал Курулуш» ЖЧКсынын «Ихлас» курулуш компаниясы менен байланышын аныктады.

Ири долбоордун демилгечиси шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов. Учурдагы калаа башчысы да шаардыктардын эсинде чоң курулуштары менен эсте калгысы келет. Анткени анын программасынын басымдуу бөлүгүндө эс алуучу жайларды куруу каралган. Муну менен ал мурунку мэрлердин ишин улантууну көздөйт.

Мисалы, 2009-2013-жылдары Ошту башкарган Мелис Мырзакматовдун тушунда социалдык курулуштар жанданып, эс алуу бактары, монументалдык эстеликтер курулган. Мындан сырткары Алишер Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу башталып, бирок бул аны кызматтан алуу менен жыйынтыкталган.

Кийинки мэр, Айтмамат Кадырбаев да Мырзакматовдон кийин бүтпөй калган иштерди улантты. Анын тушунда эстекадалык көпүрөнүн курулушу аяктап, эс алуу бактарына көңүл бурулду. Ак-Буура дарыясын үстүнө подиум (жайкы сахна) курулду. Бирок анын курулушунда акча кымырылып, сапаты начар болуп калганы айтылып келет.

Мурунку мэрлердин көчүн улап, Таалайбек Сарыбшов да пандемия шартына карабастан, жакында эле Ак-Буура дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү ишин баштады. Бул курулуш Сарыбашовдун жеке демилгеси жана анын мэр учурундагы эң ири долбоору болуп эсептелет. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган маалыматка ылайык, курулуш иштерине жалпы жонунан 251 млн 893 миң 814 сом каралган. Бул Оштун бир жылдык бюджетинин дээрлик төрттөн бир бөлүгү.

                                              «Күмөндүү өткөрүлгөн тендер»

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштерине эки этаптуу тендер ушул жылдын 10-февралында жарыяланган. Ага катышкан төрт фирманын ичинен «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому 251 млн 893 миң 814 сом сунуштап жеңүүчү болгон. Мындан сырткары «Ак-Бата» ачык типтеги акционердик коому, «Амантур Строй Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому жана «ТАС и КО» жоопкерчилиги чектелген коому тендерге катышып, бирок эн кызыгы кызмат акылары үчүн сураган каражаттын суммасын көрсөтүшкөн эмес.

Кызмат акылары үчүн каражаттын суммасын көрсөтпөгөн үч фирма тендердин биринчи этабында четтетилип, «Капитал Курулуш» компаниясы утуп чыгат. Бирок, тендердин биринчи этабында четтетилген үч компанияны комиссия экинчи этапка да кайрадан автоматтык түрдө өткөрөт. Мындай учурда КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө мыйзамына ылайык, курулуштун экинчи этабына тендер кайрадан жарыяланышы керек болчу. Мыйзам эске алынбай, анда да «Капитал Курулуш» компаниясы жеңүүчү болуп, калган үч компания четтетилет.

Биздин жеке булактар билдиргендей, «Капитал Курулуш» ЖЧКсы, «Ак-Бата» ААКсы жана «Амантур Строй Сервис» ЖЧКсынын тамыры бир. Башкача айтканда бир эле ишкерге таандык. Бирок биз алардын байланышын ачык булактардан издеп тапкан жокпуз.

Ал эми тендердеги төртүнчү компания «ТАС и КО». Ал өткөн жылы Оштогу Аскар Шакиров көчөсүндөгү жолду реконструкциялап, бирок асфальт 5 ай өтпөй чөгүп жамала баштаган.  Жолдун курулушундагы өткөрүлгөн тендердин кемчилдиктери боюнча Т-Медианын материалын бул жерден окуй аласыздар.

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбооруна Ош мэриясынын пландаган суммасы менен «Капитал Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому сунуштаган каражаттын ортосунда да дээрлик айырмачылык жок. Фирманын жетекчиси Чыңгыз Бекмаматов «Т-Медиага» билдиргендей, курулушту компания өзүнүн эсебинен баштаган.

Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Казыбайдын айтымына караганда, курулушка жергиликтүү бюджеттен быйылкы жылга 60 миллион сом каралып, этап-этабы менен дагы бөлүнөт. Калган каражат республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каралат. Бирок азыр так аныктала элек.

«Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттен 60 миллион сом каралган. Калганын республикалык бюджеттен деп эсептегенбиз. Учурдагы пандемияга байланыштуу азыр 40 миллион бөлүп бердик. Жылдын аягына чейин дагы 20 миллион сом бөлүнүп берилет. Негизи, долбоордо республикалык жана жергиликтүү бюджеттен мынча бөлүнөт деп каралган эмес. Кимде мүмкүнчүлүк болсо ишти алып кетет деп баштаганбыз», — деди Мирлан Казыбай.

Ал республикалык бюджеттен каражат качан, кантип бөлүнөрү белгисиз экенин жана бул суроого мэриянын кызматкерлери жооп бере албай турганын кошумчалады.

Экономикалык серепчи Эркин Абдыразаковдун баамында, долбоор мэриянын өтө амбициялык планы болуп эсептелет. Учурдагы бюджеттин таңкыстыгына байланыштуу курулуш эки жыл эмес, үч-төрт жылга чейин созулушу мүмкүн. Ошондуктан долбоор аягына чыгып, эл аралык стандарка жооп берген белек болуп калат деп айтуу азырынча эрте.

«Менин жеке пикиримде, бул курулуш бир ишкердин же чоңдордун кызыкчылыгына иштеп кетет. Мына Ак-Бууранын үстүнө курулган подиумга кеткен каражаттан кабар жок же жооп берген адам жок. Шаардын бюджетинин таңкыс экенин билебиз. Мурдагылардын кемчиликтеринен сабак алып, жети өлчөп бир кесиш керек. Каражаттын булагын аныктап алып, бул маселеге өкмөттүк деңгээлде гарантия алып туруп башташ керек болчу. Мэрия азыр этап менен каражатты бөлөбүз деп жатат. А кийинки жылы бюджеттен каражат бөлүнөбү?  Бул чоң маселе. Ушул маселелерди чечип алып анан баштаса болмок. Бул өтө опурталдуу маселе. Элге жагат, тиги же бул деген туура эмес»,- деди Абдразаков.

«Капитал Курулуш» менен «Ихлас» курулуш компаниясынын байланышы

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Капитал Курулуш» компаниясы Баялы Апсаттаров аттуу ишкерге катталган. Муну менен кошо эле ишкер «Кыргыз Каганат» ЖЧКсынын «Ош» филиалынын жетекчиси. Анын негиздөөчүсү «Кыргыз каганат» ЖЧКсы.

«Кыргыз Каганаттын» негиздөөчүсү  «Каганат Инвест» аттуу ЖЧК. Ал эми «Каганат Инвесттин» негиздөөчүсү Нурбек Осмонов. Ал «Ихлас» курулуш компаниясынын да негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыккан «Ак-Башат» институтунунун да «Каганат Инвестке» тиешеси бар болуп чыкты. Анткени аталган ЖЧКнын негиздөөчүсү да «Каганат Инвестке» катталган. Бул ЖЧКга долбоорду иштеп чыгууга эле жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүнгөн.

«Каганат Инвесттин» Ош шаарында «Кыргызтекстиль» ишканасы, электробустарды куруу боюнча завод жана «Ихлас» курулуш компаниясы бар. Оштогу «Төлөйкөн» кичирайонунда курулуп жаткан “Ош-Плаза” имараты да «Ихласка» тиешелүү.

                                                       Каражаты жок башталган курулуштар

2013-жылы ошол учурдагы мэр Мелисбек Мырзакматовдун тушунда Оштогу Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү куруу боюнча эки жолу тендер өткөрүлгөн. Курулуштун каражаты чечилбей тендер өткөрүлгөндүктөн Башкы прокуратура Мелисбек Мырзакматовго кылмыш ишин козгогон.

Прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Алманбет Абдраманов Азаттык радиосуна билдиргендей, мэр Ош шаарындагы көп акча сарпталчу курулушту өзүм билемдик менен баштаганга буйрук берген. Ошто курулуучу чоң көпүрөнүн техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоору жок эле курулуш башталган. Жыйынтыгында экс-мэр Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, камакка алуу чечими чыккан. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков дагы каражат маселеси чечилбей курулуш башталганын ырастаган.

Мындан сырткары, 2015-жылы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолу курула баштаган. Бирок тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Бул жол чырынан улам ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев жана Аргынбек Малабаев кызматынан кеткен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Темир Сариевди “бюджетте акча жок болсо деле курулушту баштап салышкан. Бул өлкөгө каршы диверсия” деп айыптаган. Сариев болсо дооматтарды четке кагып, министрликти айыптаган.

«Өкмөт жыл сайын өзгөрүп жатат. Биз бул эмнеге алып келерин көрүп жатабыз. Акыркы мисал Балыкчы-Корумду жолу. Бюджетте акча жок болсо деле бул жолду курууну баштап салышкан. Бул өлкөгө каршы диверсия болуп эсептелет. Албетте биз акча таптык. Биз бул жолду салабыз. Быйыл толук бүтүрө албайбыз. Бирок жол салынат»,- деген Алмазбек Атамбаев.

Ак-Буура дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү

Ак-Буура дарыясынын оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймагынын узундугу 5400 метрди түзөт. Курулуштун 1-этабында Вахапов көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки 1300 метр аралыкты бүтүрүү каралган. Экинчи этабында Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн Абдыкадыров көчөсүнө чейинки 1600 метр аралыкта иштер жүрөт. Үчүнчү этабындагы оңдоо иштери 2500 метрди түзөт.

Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо адамдар жүрүүчү жол, веложол, түнкү жарыктандыруу, адамдар өтүүчү көпүрөлөр жана эс алуучу жайлар каралган. Биринчи кезекте дарыянын жээктери таштар менен бекемделет. Анын долбоорун иштеп чыгууга  1 млн 200 миң сом бөлүндү.

15-июндагы брифингде каржы министринин орун басары, Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков пандемияга байланыштуу ушул жылдын беш айында эле мамлекеттик бюджетке 11 миллиард сом түшпөй калганын, ал эми чыгаша былтыркы жылга салыштырмалуу 2 млрд. сомго көбөйгөнүн билдирген.

Ошондой эле март, апрель айларында Ош шаарынын бюджетине да 100 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калган. Ош мэриясы алдын ала эсептөөлөр боюнча үч айга жакын убакта эле бюджет 150 миллион сом жоготууга учурап жатканын билдирген.

Мындан тышкары, пандемия шартында, бюджет тартыштыгына карабай башталган курулуштун тендери да күмөндүү жагдайлар менен коштолгон. Эми тиешелүү органдар калаанын ири кулушунда көрүнгөн олигархтын караанын жана тендердеги кемчиликтерди иликтеп, бул иштерге кандай чара көрө алат? Биздин редакция окуянын мындан ары өнүгүшүнө дагы көз салып турат.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо