Эльвира Сурабалдиева
Өз убагында азыркы партиялашы Жанар Акаев менен кайым айтышууга барган депутат Эльвира Сурабалдиева биздин үчүнчү каарманыбыз.
Ал 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе шаарында туулган.

Депутаттыкка чейин маркум атасы Жыргалбек Сурабалдиевден калган "Кудайберген" базарынын ээлик кылчу. Ал Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДПнын аброю менен келсе, бул сапар "Ата Мекен" партиясынан талапкер.
Эльвира айымдын саясатка келишине атасы Жыргалбек Сурабалдиевдин 2005-жылы киши колдуу болуп каза болгону себеп. Муну ал жергиликтүү басылмаларга берген маектеринде да айтып жүрөт.
Атасынын өлүмү боюнча айыпкер болуп 2008-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы жана жакын санаалашы Эркин Мамбеталиев табылган. Ал соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылып, бирок 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин түрмөдөн чыккан.
КСДП лидеринин жеке жан сакчысынын колунан каза болгон ишкердин кызынын Жогорку Кеңешке аталган партия менен аттануусу ошол учурда коомчулукта көптөгөн суроолорду жараткан.
Сурабалдиева 2018-жылга чейин Алмазбек Атамбаевге ишенимдүү кызмат кылган. Бирок мурунку мамлекет башчы менен учурдагы бийликтин тирешүүсү ачык фазага өткөндө, депутат айымдын риторикасы кескин өзгөрүп кетти. Ал социалдык тармактарга Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялай баштады. Атамбаевден кол тийбестикти алып, экс-президент макамынан ажыратуу үчүн добуш берди.

Сүрөт Эльвира Сурабалдиеванын соцтармактагы баракчасынан алынды
ЖКдагы иши
Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинини мүчөсү. Парламентте болобу же социалдык тармактарда аялдарга карата зомбулук, эки аял алуу, гендердик башка таалулуу маселелер боюнча катуу реакция жасайт. Көпчүлүк соцтармак колдонуучулары Эльвира айымды парламентте ар кандай көйгөлөрдү ачык, жөнөкөй тилде айтканына баа берип келишет.
Эл өкүлү билим берүү, салык кодексине өзгөртүү киргизүү, үй-бүлөлүк зомбулук, экология жаатындагы 20дан ашык мыйзам долбоорлорунун демилгечиси жана автору. Баса, 7-апрелди эс алуу күндөрдүн катарына кошууда да салымы бар. Аталган мыйзамдын авторлошу.
Депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова иштеп чыккан "Маалыматты манипулиация тууралуу чуулуу мыйзамга каршы чыккан. Ошондой эле бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгөн мыйзам долбоорун да колдобой койгон.
Ак үйдүн лифтинен парламенттин «бейтааныш кызматкеринин» сексуалдык ыдыгына кабылганын айтып чыккан жайы бар. Айтымында, аталган киши эл өкүлүн «катардагы кызматкер» деп кабыл алып, «ойноктоп, кучактоого» аракет жасаган. Мындан улам да Сурабалдиева парламенттеги аял кызматкерлерге боору ооруйт. Анткени аларга жасалган мындай мамиле «адаттуу болуп» калганын белгилеген.

Депутат эмнеге ээлик кылат?
Эльвира Сурабалдиеванын 2018-жылы тапшырган декларациясында кирешеси 723 миң 131 сом деп көрсөтүлгөн. Өзүнүн да жакындарынын да үй-мүлкүн жана бизнесин көрсөткөн эмес.
Кесиби боюнча дипломат. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Эл аралык байланыштар" адистигин, 2003 — Улуу Британиянын Бристоль университетин ушул эле адистиги боюнча бүтүргөн.
Эльвира Сурабалдиева 2003- жылы Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болгон. 2004-2006-жылдары Соцфонддун башкы адисинен бөлүм башчылыгына чейин жеткен. 2006- жылдан 2015-жылга чейин "Кудайберген" автоунаа базарынын башкы директору. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократтар партиясынан депутат болгон.

Биз социалдык тармактарда