Рыскелди Момбеков
Эми кеп фольклор менен саясатты бириктирген Рыскелди Момбеков жөнүндө. Куйкум сөздөрү менен белгилүү бул талапкер 52 жаштын кырын ашты.Талас облусунун Шекер айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Момбеков социал-демократтар партиясынын мүчөсү болуп Алмазбек Атамабаевдин тарабына өткөн жана Сагынбек Абдрахмановдун аракетин айыптаган. Мурдагы президентке акыркы күндөргө чейин ишенимдүү бойдон калды.
2015-жылы КСДПдан депутат болгон Рыскелди Момбеков эми «Ата Мекендин" өзөгү. Ал 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого аталган партиянын алдыңкы тизмеси менен баратат.

ЖКдагы иши
Алтынчы чакырылышта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү болгон. Депутаттык креслодо отурган беш жыл аралыгында Момбеков билим берүү, маданият жана укук коргоо тармактарындагы онго жакын мыйзам долбоорун кесиптештери менен бирге демилгелеген.
Маселен, 7-апрелди эс алуу күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кызыгы ал документ эки күндүн ичинде кабыл алынган. Мыйзам долбоор 2016-жылдын 4-апрелинде каттоого алынып, эртеси түшкө чейин Жогорку Кеңеш үч окууда көпчүлүк добуш менен колдоп берген. Эрежеге ылайык, бир мыйзам долбоор эң аз дегенде 6 айда кабыл алынат.
Интернетти көзөмөлдөө, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө чуулу мыйзам долбоорлорго добуш берүүдө катышкан эмес. Баса, 2017-жылы Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан козгоп, которуштурууга уруксат берчү мыйзам долбооруна добуш берүүдө Момбеков мыйзамдын арты менен "эл душманы" болуп, тарыхта калгысы келбей турганын айткан. Бирок талкуудан соң Момбеков өкмөт сунуштаган өзгөртүүнү колдоп, добуш бергени кызык болгон.
Ал Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн ишин, айрыкча анын кадр саясатын кескин сындаган депутаттардын бири. Куюлуштуруп, жармакташтырып сүйлөгөнгө уста. Маселен, былтыр жыл этегинде, жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу Ички иштер министрлигине мынтип каарын төккөн жайы бар:
"Кыргызстан деген мамлекет, "Кырсыкстан" деген мамлекетке айланып калды. ИИМге ичим жылыбай жатат. Булар ОПГ менен күрөшүп жатабы же ОПГ булар менен күрөшүп жатабы? Реформадан дайын жок. Бирок генерал наамдарын алып жатат. "Коопсуз шаар" долбоору "Жоопсуз шаар" долбооруна айланды".
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Рыскелди Момбековду салттуу эмес саясатчы атап, "Ал фольклорчудан да саясатчы чыгарын көрсөттү" деп баалаган жайы бар.
Алтынчы чакырылыштагы парламентке Талас облусунан шайланган Рыскелди Момбеков ушул жылдын 21-июнда жолтандабастар менен күзөтчүлөрдүн коштоосунда кичи мекенине барып, сынга кабылган эле. Анда тургундардын бири Момбековду айылдаштарына пайда тийгизбегени үчүн айыптап, экөө уруша кетишкен. Эл өкүлү муну аны каралоо үчүн атайын уюштурулган деп жүрөт.

Депутат эмнеге ээлик кылат?
Төрт жыл ичиндеги расмий декларацияларга ылайык, Рыскелди Момбеков 2, 5 гектар жерге ээлик кылат. Андан башка байлыгы көрсөтүлгөн эмес.
Депутаттын кирешеси 2015-жылы дээрлик 376 миң сомду түзгөн. 2016-жылы ал кирешеси эки эсеге көбөйүп, 730 миң 496 сомго жеткен. 2017-жылы болсо бир аз көбүрөөк тапкан — 769 миң сом. Ал эми 2018-жылы кирешеси 771 миң сомду чапчыган.

Рыскелди Момбековдун мектепти бүткөндөн кийин дээрлик он жыл эмне менен алектенгени белгисиз. Ал жогорку окуу жайга кечирээк, тактап айтканда, 30 жашында тапшырган. Улуттук университеттин юридика факультетин 2003-жылы, Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны болсо 2014-жылы аяктаган.
Момбековдун карьерасы 2010-жылы бийлик күч менен алмашкандан кийин кескин көтөрүлгөн. Ал апрель-июнь айларында маданият министринин милдетин аткаруучу болуп турган. 2011-жылы февраль-октябрь айларында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны башкарган. "Учкун" басмаканасын 2012- 2015-жылдары жетектеген.
2010-жылга чейин "Аалам", "Асаба" гезиттеринде баяндамачы болуп иштеген. Андан кийин "Алиби" гезитине башкы редакторлук кылган. Ошол маалда "Бириккен элдик кыймыл" же БЭК деген оппозициялык кыймылдын да катарында жүргөн. 2010-жылы "Форум" гезитинин башкы редактору болгон.

Биз социалдык тармактарда