Ак үйдү самап. "Кыргызстандагы" белгилүү бешөө
"Кыргызстан" саясий партиясы бул сапар 150 депутат менен шайлоого аттанды. Катарында алтынчы чакырылыштагы парламенттин 15 депутаты бар. Жүз элүүнүн баарын тизмектеп берүүнүн деле кажети жок. Элге таанымал беш талапкерине токтолобуз.
Тазабек Икрамов
Жогорку Кеңештин трибунасында айтчу сөзүн таппай, туталанып калганы менен элдин эсинде калды
Кененирээк |
Партия тууралуу
"Кыргызстан" партиясына 68 эркек (66%), 34 аял (33%) кирген, мындайча айтканда гендердик квота сакталган. Партияда соттун чечими чыга элек беш талапкери бар.
Партиянын тизмесинде азыркы жана мурунку депутаттар көп. Таалайбек Масабиров, Максат Сабиров, Экмат Байпакбаевдер кайрадан мандат үчүн күрөшүүдө. Тизмеде үчүнчү болуп Нурбек Алимбеков баратат. Ал алтынчы чакырылышта да депутат болгон. Вице-спикерликке чейин көтөрүлгөн. Бирок эч нерсеси менен деле өзгөчөлөнгөн эмес. Нурбек Алимбеков ишкер катары белгилүү. Анын "Нурзаман" курулуш компаниясы менен байлышы бардыгы айтылып келет.
Экс-депутат Жыргалбек Саматов да парламенттик шайлоого "Кыргызстан" менен аттанды. Ал башка өлкөнүн жараны деп ызы-чуу чыгып, 2016-жылы мандатын тапшырып берген жайы бар. 2018-2019-жылдары "Көк Бөрү" федерациясынын президенти болуп турган.
Тизмеде тогузунчу болуп аталган партиянын негиздөөчүсү, «АЮ холдинг» компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов баратат. Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты. VI чакырылыштын мөөнөтү дээрлик аяктап, эл өкүлдөрү бүгүн-эртең эс алууга чыгат деп турганда депутат болуп келди.
Чолпон Султанбекова да партиянын катарында, тизмеде сегизинчи болуп көрсөтүлгөн. Бул айым дагы эки жолу депутат болгон. Вице-премьер-министр болуп да иштеген. Султанбекова маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы. Азыр ишкерлик менен алектенет.
"Кыргызстандын" курамынан мурунку министрлерди да учуратууга болот. 2015-жылы тендер чыры боюнча кызматтан кеткен Аргынбек Малабаев 19- катарда жүрөт. Ал Балыкчы-Корумду жолуна байланыштуу ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев менен каршылашып, кызматынан кеткен. Тизмеде экс-чиновник Дамира Ниязалиева да бар. Талапкер 32-орунда.
"Кыргызстан" саясий партиясы 2010-жылы апрелде түзүлүп, белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов анын төрагасы болуп шайланган. 2015-жылда өтчү парламенттик шайлоону утурлай Канат Исаев лидер болгон.
Алтынчы чакырылышта "Кыргызстан" фракциясы даярдаган мыйзам долбоорлору, көтөргөн демилгелери менен эмес, мандат чыры менен аты чыккан. Депутаттар Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева мандатынан ажырап, иш Жогорку Сотко чейин жеткен.
"Т-Медиа" парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоону улантат. Редакция бул макалада аты аталган башка адамдарга да кайсы бир жагдайлар боюнча тактоо киргизиши үчүн же өз көз карашын билдириши үчүн сөз бергенге даяр.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышууда.
Материалга колдонулган сүрөттөр интернеттен алынды

Биз социалдык тармактарда