Аравандагы партиялардын жаңжалы. Өкмөт башчы окуяны иликтөөнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ички иштер министрлигине Ош облусунун Араван районунда эки партиянын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжалды тез арада иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыма кызматы кабарлады.

Боронов күнөөлүүлөр өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышы керектигин белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү бийликке калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын да берди.

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түшкөн. Алардын бирөөнүн абалы оор экенин Ош облустук милициясы кабарлады. Мындан тышкары, беш машине талкаланган.

Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү баштады.

Учурда мушташка катышкан 10 адам кармалып сурак берүүдө. Калган 12 киши ооруканада жаткандыктан суракка кийин чакырылат. Араван РИИБи тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*