Кыргызстанда коронавирустун 55 жаңы учуру катталды, каза болгондор жок

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 вирусунан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 21-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдан билдирди.

Коронавирус дагы 55  адамдан жаңы аныкталды. Алардын ичинен эң көбү Баткен облусунда – 25 киши. Бишкекте — 8, Ош шаарында — 1, Чүйдө — 1, Ош облусунда — 7, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 2, Ысык-Көл облусу — 2, Жалал-Абадда — 4.

Ошентип, бул илдет 45 471 адамга жукту, алардын ичинен 41 680 бейтап айыкты, 1 063 адам каза болду. Стационарларда 554 бейтап дарыланууда, амбулатордук дарыланууда 1725 адам жатат.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*