Ош: «Форма-2» менен катталган шайлоочулардын саны 40 миңге чамалады

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочуларды «Форма-2» менен каттоо 19-сентябрда расмий токтоду. Ош шаарында арыз бергендердин саны 30 000ге жетти. Дагы он миңдей арыз кароодо турат. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров 21-сентябрда билдирди. 

«Арыздарды толук карап бүтө элекпиз. Болжолдуу 36 миңге жакын болушу мүмкүн. Бир-эки күндүн ичинде толук такталып бүтөт», -дейт ал. 

«Форма-2» — жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызы. Ал үчүн шайлоочу өзүнө ыңгайлуу жердеги участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Ошондуктан толуп калган шайлоо участоктору  «Форма-2» тууралуу арызды кабыл албайт.

Аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*