"Биримдик" партиясынын тизмесине мурдагы өкмөт мүчөлөрү да кирип алышкан.

Алардын бири мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова. Ал 44 жашта Бишкек шаарында туулуп өскөн. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.

Аида Исмаилова
ЖКдагы иши
Аида Исмаилова саясий карьерасын "Республика-Ата-Журт" партиясынан баштап, 2015-жылдагы шайлоодо жетиштүү добуш топтой албагандыктан партия ичинде бир топ ызы-чуу болгон. Ал мандатты фракциясынын лидери менен соттошуп жүрүп алган жайы бар.
Премьер-министр Кубатбек Боронов министрлер кабинетинен эч ким шайлоого кетпейт дегенине карабай, Исмаилова бул жолу бийликчил делген "Биримдик" менен аттанды. Болбосо бул айымга чоң милдет жүктөлгөн болчу.

Өкмөт "коронавирус пандемиясынын жаңы толкуну болот" деп кайра-кайра эскертип жатса да, депутат болгусу келип, кызматын тапшырып салды. Коомчулукта аны баштаган ишин ара жолго таштап кеткенин сындап келишет. Аида Исмаилованын пандемия учурунда жасаган иштерине ичи чыкпагандар көп.

Алтынчы чакырылыштагы парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин мүчөсү болуптур. Саламаттыкты сактоо тармагына күйүп-бышчу. Маселен, эл аралык уюмдар аркылуу дары-дармектерди алууга каршы чыгып жүргөн. Бирок быйыл апрелде анын вице-премьерликке талапкерлиги каралып жатканда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "эми колдойт го дейм" деп жооп берип, залдагы депутаттардын баары күлдүргөн.
Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигинин донорлук жана гранттык каражаттарды кандай сарптаганын текшерүүнү да сунуштап чыккан. Экс-министр Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун мурдагы төрагасы Марат Калиевдин гранттык акчанын эсебинен кымбат жол тандабастарды кызматтык унаа катары сатып алганын сынга алган.

Депутат кезинде өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган чуулуу мыйзам долбооруна кесиптештери менен бирге демилгечи болгон. Кийин вице-премьер-министр кызматына кеткен.

Депутат 2018-жылы тапшырган декларациясында бир жылдык кирешесин 680 миң 144 сом деп көрсөткөн. Калган автоунаа, жер үй сыяктуу башка мүлктөрүн көрсөткөн эмес.

Аида Исмаилова Бишкек гумманитардык университетинин "экономист — чыгыш таануучу", "Корея экономикасы" адистигин бүтүргөн. Саясатка келгенге чейин ал ар кандай кореялык компаниялар менен иштешип, корей тили мугалими жана котормочу болгон. 2020-жылдын 2-апрелинен тарта Исмаилова вице-премьерлик кызматка киришкен.
Биз социалдык тармактарда