Ак үйдү самап. Партиядагы белгилүү бешөө
Бийликчил делген "Биримдик" партиясынын тизмеси баш аягы 200 адамдан турат. Партияда кимдер бар экени коомчулукка белгилүү деле болуп калды. Шайлоого аттангандардын арасында парламент депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, капчыктуулардын балдарынан тартып экс-депутат, экс-чиновникке чейин бар.
Бул ирет элге таанымал, болгондо да эмнеси менен белгилүү делген беш талапкерди тизмектейли.

Партия жөнүндө
"Биримдиктин" катарында биз санаган беш талапкерден сырткары «Альфа Телеком» («Мегаком») мамлекеттик компаниясынын мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматын убактылуу тапшырган Улукбек Кочкоров баратат.
Партия депуттарга бай. Катарында Жогорку Кеңештин 30га чукул депутаты бар. Бешинчи чакырылышта КСДПдан депутат болгон Евгения Строкова «Биримдиктин» тизмесинде төртүнчү. Ал өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөнү караштырган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары таанымал.
Дагы бир КСДПчы депутат, вице-спикер Аида Касымалиева тизмеде №8. Партиянын катарында Исхак Пирматов (№31) болуп баратат. Ал үчүн ар бир шайлоо жаңы партия. 2010-жылы «Республика» фракциясынан депутат болсо, алтынчы чакырылышта «Бир Бол» менен парламентке шайланган.
Мындан тышкары Пархат Тулендыбаев (№22), Айнуру Алтыбаева (№52), Махабат Мавлянова (№28) да бул сапар "Биримдик" партиясы менен шайлоого катышат. Баса, президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков 27-катарда бара жатат. "Биримдиктин" артында дал ушул киши турганы коомчулукта байма-бай айтылып жүрөт.
Мурунку жана азыркы мамлекеттик жетекчилер да тизмеге кирген. 38-орунда «Түндүк электр» ишканасынын директору, Көкбөрү федерациясынын башчысы Искендер Кадыркулов бар. Мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Кубанычбек Конгантиев (№49) да «Биримдикте».
Транспорт жана жолдор министрлигиндеги ири коррупциялык чырдан кийин Жээнбековдон жеме угуп иштен кеткен Жамшитбек Калилов партиянын тизмесинде 87-орунда.
Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Канат Жумагазиев (№90), алып баруучу Нурзат Токтосунова (№76), Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонова (№16), "Көк бөрү" федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев (№5) депутат болууга камданып жатат.
Партиядагы 200 талапкердин 24ү мурда жоопкерчиликке тартылып, кайра соттуулугу жоюлган болсо, дагы беш-алты талапкердин иши боюнча маалымат жок.
"Т-Медиа" парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоону улантат. Редакция бул макалада аты аталган башка адамдарга да кайсы бир жагдайлар боюнча тактоо киргизиши үчүн же өз көз карашын билдириши үчүн сөз бергенге даяр.
Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышууда.
Материалга колдонулган сүрөттөр интернеттен алынды

Биз социалдык тармактарда