Алманбет Шыкмаматов
1969-жылы 21-октябрда Бишкек шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 уул-кыздын атасы. 3 жогорку билимдин ээси. 1987-жылы БГУнун «Орус тили жана адабияты» адистиги боюнча бүтүргөн. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.

ОФ Президентине караштуу мамлекеттик кызмат Академиясынын 5-курсунун угуучусу болгон. Адистиги - "Мамлекеттик кызмат жана кадрдык саясат" (Москва шаары, Орусия).

ЖК дагы иши
2015-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке барган. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик курулуш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Быйылкы жылы демилгеленген чуулу «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» талаштуу мыйзам долбооруна «каршы» добуш берген. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна да «каршы» чыккан. Жалпы 14 мыйзам долбоорунун демилгечи жана авторлошу болгон.

2019-жылы декабрь айында «Бир Болдун» тизмесине кирип жатканын жарыялаган. Андан соң, коалициялык азчылыктагы «Ата Мекен» фракциясын жетектөөдөн күтүүсүз баш тартып, депутаттык мандатын тапшырган. Муну саясатчы партия лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганы менен байланыштырган.
Ошону менен катар Шыкмаматов «Жеке ар-намысым мен үчүн мандаттан да, кызматтан да жогору болуп келген. Бирок саясаттан кетпейм. Өзүм менен көз карашым төп келишкен саясатчылар, топтор менен биригем», «Саясат Текебаевдин менчиги эмес» деген оюн кошумчалаган.

Бул жолу ал «Бир бол» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанды.
1
Парламентке чейин…
Алгач эмгек жолун 1999-жылы Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда сот аткаруучулуктан баштаган.

2010 — жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы. 2011 —Эсеп палатасынын аудитору. 2015 — жылы Адилет министри кызматын аркалаган.
2
Депутат эмнеге ээлик кылат?
Алмамбет Шыкмаматовдун 4 жыл аралыгындагы декларациясында– 2015-жылы эл өкүлүнүн 152 896, 66 сом акчалай кирешеси жана «Range Rover» унаасы,

2014-жылы V= 4367Д, куз.№SALGA2RF7E191732 үлгүсүндөгү автомашинасы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары жакын тууганынын атына 230кв/м батир катталган. Ал эми 2016-жылы эл өкүлүнүн негизги аткарган кызматы үчүн 751 052 сом сумманы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары жеке бизнес иштеринен түшкөн сумма 2 345 000 сомду түзөт. Анан да жакын тууганынын атына 942 500 сом мындан тышкары Тойота Камри, 2014-жылкы, V=2494 Б үлгүсүндөгү автоунаа катталган.

Эл өкүлүнүн 2017-жылы көрсөтүлгөн декларациясында 798,309 сом киреше жазылган. Мындан башка Шыкмаматовдун декларациясында эч кандай чыгаша баалуу мүлк көрсөтүлгөн эмес. 2018-жылы 889,811 сом киреше сумма көрсөтүлгөн.
3
Абройго түшкөн көлөкө
2017-жылы 17-февралда Башкы прокуратура депутат Алмамбет Шыкмаматовго карата Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда коррупциялык аракеттерге барган деп кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде ал УКМКга бир нече ирет суракка чакырылып турган. Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын баш коргоо чарасы каралып, ал өлкөдөн чыкпай турган болгон.
Талкууга жем таштаган дагы бир окуя: 2015-жылы 30-январда ошол кездеги президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун жоопкерчилигин кароо боюнча Жогорку Кеңештеги коалициялык кеңешке кайрылган.

Ал жергиликтүү маалымат каражаттардын биринде баш прокурор Салянова Нарымбаевдин «саясий оюндарынын негизинде кызматтан кеткени» тууралуу юстиция министри Шыкмаматовго шилтеме берип жарыялаган маалыматы себеп болгон. Шыкмаматов жеке мүнөздөгү баарлашууну жарыялап жибергени үчүн ошол журналистти айыптаган. Ошондой эле анда айтылган сөздөрдүн мааниси кескин бурмаланган деп билдирген.

Ошентип Аида Салянованын кызматтан кетиши күдүк ойлорду жаратып, табышмак бойдон эле калбастан, эки аткаминерди да араздаштырган.
Биз социалдык тармактарда