Гүлшат Асылбаева
"Биримдик" партиясы менен шайлоого аттанган бул айымды өзүнчө сөз кылууга татыйт. Улуту казак, 60 жашта. Жалгыз бой, эки баланын энеси.
Эл өкүлү 2015-жылы ичимдик чыгарган заводдон түз эле Жогорку Кеңешке келип, мандатты "Өнүгүү — Прогресс" партиясы аркылуу алган. Бул сапар «Биримдикке» кошулуп, талапкерлердин тизмесинде 32-катарды ээледи. Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңештеги экономика жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү.
Чуулуу мыйзамдардын демилгечиси
Эл өкүлү ЖКнын комитет жыйынында Кыргызстанда 9 миң сомдон аз айлык алгандар бар экенине айран таң калганын айта коём деп интернет колдонуучуларынын балээсине калган. Мугалимден тарта пол жууган кызматкерлерге чейин 8 миң эмес, 3-4 миң сом эптеп таап жатышканын күнү-түнү жазып, депутаттын эсин оодарышкан. Коомчулук Жогорку Кеңеште Гүлшат Асылбаева деген депутат бар экенин мына ушундан кийин билип калган.

Өткөн жылдын күз айында Асылбаеванын кыргыз тилинде жазылган текстти так окуй албаганы соцтармактын көңүл чордонуна дагы бир ирет чыкты.

Аны коомчулук чуулуу мыйзамдардын демилгечиси катары таанып калды. Ал акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоорунун негизги автору болгон. Бул сунушу дагы коомдун басымдуу бөлүгүн нааразы кылган. Себеби ал Кыргызстандагы доллар курсунун жогорулап кетишине акча алмаштыруу бюролорун күнөөлөгөн. Мындан улам аларды жаап, валюта менен банктар гана алектенишин сунуштаган.
Андан кийин эле "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кесиптеши Айнура Осмонова менен бирге иштеп чыгып, жарандык коомдун сынына кабылган. Тилекке каршы, мыйзам долбоор 79 депутаттын "макулдугу" менен колдоо тапты. Бирок муну президент кайра иштеп чыгыш үчүн артка кайтарган.

Өзү сунуштаган интернетти көзөмөлдөө тууралуу документке жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгөн мыйзам долбоорго добуш берүүдө Асылбаева "макул" деп добуш берген.

2019-жылы октябрь айында сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун 40 депутат сунуштаган. Алардын катарында Гүлшат Асылбаева дагы бар эле. Бирок эмнегедир парламентте каралганда өзүнүн демилгесине кайра өзү каршы добуш берген.

Эми эл өкүлүнүн декларациясын карап көрөлү. Гүлшат Асылбаева 2018-жылы 692 миң 543 сом киреше тапкан. Мындан тышкары 123 чарчы метрлик батирин жана 74 чарчы метр кеңсесин көрсөткөн.
Ичимдик заводунан түз парламентке келген
Гүлшат Асылбаева кесиби боюнча экономист.1986-жылы Москвадагы Советтик соода институтунун сырттан окуп бүткөн. Эл өкүлү жогорку билимге ээ боло электе эле, 22 жашында "Азия" акционердик коомуна жетекчи болгон.

Ал компанияны 13 жыл башкарган. Мамлекеттик кызматка 1995-жылы келип, Туризм жана спорт министрлигинде башкы адис болуп эки жыл иштеген. Андан соң тогуз жыл "Шумкар" компаниясынын башкы директору болуп турган. 2006-жылы "Кыргыз Коньягы" ишканасын жетекчилигинен түз эле депутатыкка келген.
Биз социалдык тармактарда