Төрөбай Зулпукаров
46 жашта. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
КСДПнын чачыраган мүчөлөрүнүн бири Төрөбай Зулпукаров бул сапар "Биримдиктен" орун-очок алды.
Ал парламенттин V жана VI чакырылышына Атамбаевдин КСДПсы менен келген. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү.

Зулпукаров коомчулукка 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден кийин таанылган. Кумсалыкты пропагандалоого каршы жана спорт командалардын жеңиши үчүн алдын ала акчалай байге сайган букмекер кеңселерин жабуу өңдүү чоң талкуу жараткан мыйзам долбоорлордун авторлорунун бири.

Жоолукка тыюу салган мектеп директорлорун жоопко тартуу керек деген пикири менен белгилүү. Парламенттеги чоң талкуу жараткан мыйзам долбоорлорун калтырбай колдойт.

Төрөбай Зулпукаров 1992-93-жылдары Улуттук гвардияда кызмат өтөп келгенден кийин эмгек жолун ички иштер министрлигинен баштаган. Милиция кызматкерлерине спорттук-күжүрмөн даярдык боюнча машыктыруучу болуп ишке орношкон.


Кармашып урушуу боюнча спорт чебери
  • Улуттук университеттин тарых факультетин 2000-жылы аяктаган. 1998-жылдан 2010-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.
  • 2018-жылы тапшырган декларациясында кирешеси 742 миң 620 сом деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле 400 чарчы метрлик үйү бар.
  • ИИМде иштеп жүргөндө кыз зордуктап иш козголгон деп чуу болгон, бирок күнөөсү далилденген эмес. Зулпукаров муну "саясий буюртма" деп четке каккан болчу.
2015-жылы депутаттын Ноокаттагы эшек чарбасына байланыштуу да аты аталган. Бул бизнеске анын атын аралаштыргандарды кудайга койгонун айткандан башка билдирүү тараткан эмес.

Былтыр Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин чырдуу ысымы менен байланышкан мурдагы консул Эркин Сопоковдун кылмыш иши козголгонуна карабастан жазасыз калган уулу Азамат Мамасалиевди Зулпукаров өзүнө жардамчы кылып алганы да социалдык тармактарда кызуу талкуу болгон.

Биз социалдык тармактарда