Contact me by phone and e-mail
+678 333 889 1512
olav@nowak.com
"Замандаш" партиясы
"Замандаш" партиясы бул сапар 156 талапкер менен шайлоого аттанды. Катарында алтынчы чакырылыштагы парламенттин айрым депутаттары да бар. Баарын тизмектеп берүүнүн деле кажети жок. Элге таанымал беш талапкерине токтолобуз.
Жеңиш Молдокматов
"Замандаштын" 2018-жылдагы курултайында тең төрагалык башкаруу жоюлуп, төрагалыкка Молдокматов шайланган
Кененирээк
Айсулуу Мамашова
Ал соңку убакта "Ата Мекен" фракциясын парламентте жетектеп турган
Кененирээк
Мелис Турганбаев
Буга чейин ал саясий партиялардын катарында чоң жарыштарга катышкан эмес
Кененирээк
Элмурза Сатыбалдиев
"Саясатка барууга аргасызмын"
Кененирээк
Улукбек Ормонов
Депутат трибунада социалдык маселелерди көп көтөрөт
Кененирээк
Партия тууралуу
Партиядагы 139 адамдын соттуулугу жок, 15 талапкердин соттуулугу алынган, эки адам боюнча чечим жок, бир адам акталган, бир кишинин иши сотто иликтенип жатат.

Коомдук ишмер, маркум Муктар Өмүракунов негиздеген Орусиядагы мигранттардын «Замандаш» ассоциациясы 2003-жылы түзүлгөн. Анын негизинде 2007-жылы ушундай эле аталышта партия түптөлгөн.

Партия Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп, көбүнесе Кыргызстан менен Орусия ортосундагы көпүрөлүк милдетти аткарып келет.

"Т-Медиа" парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоону улантат. Редакция бул макалада аты аталган башка адамдарга да кайсы бир жагдайлар боюнча тактоо киргизиши үчүн же өз көз карашын билдириши үчүн сөз бергенге даяр.

Материалга колдонулган сүрөттөр интернеттен алынды
Бул материал ALDA-Европалык Жергиликтүү Демократия Ассоциациясынын жардамы менен Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда даярдалды. Материалдын мазмуну Европа Биримдигинин же ALDAнын көз карашын чагылдырбайт.
Биз социалдык тармактарда