Ырчылыктан саясатка
Ибрагим Жунусов 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. 1983 — Ош мамлекеттик университети, музыка факультетин аяктаган.
Акыркы убакта Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеп келе жаткан Жунусов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 3-орунда.
2010 - жылы Жогорку Кеңештин 5 чакырылышына «Ата-Журт» партиясы менен барган.
Жунусов Жогорку Кеңеште
Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисти, парламентке алгач 2007 - жылы IV чакырылышка «Ак Жол» партиясынан депутат болуп келген. Билим берүү, илим, маданият жана комитет спорт комитетинин төрагасы болгон.
Эмгек жолун 1984 –1986 -жылдары Жалал-Абад педагогикалык училищесинде окутуучу болуу менен баштаган.

1986 – 2002 —жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин доценти, окутуучу;

2002 – 2005 — Искусство факультетинин деканы; 2005 – 2007 — Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору;

2010 – 2010 — Мамлекеттик маданият агенттигинин директору; 2010 – 2011 — Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр;

2011 – 2013 — Маданият жана туризм министри; 2014-жылдын 17-сентябрынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, 2018-жылы Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси.
Талапкер эмнеге ээлик кылат?
Declarator.politmer.kg сайтынан Ибрагим Жунусовдун 2015-2016-жылдары тапшырган гана декларацияларын көрүүгө болот.

Анда 107м2 курулуп бүтө элек үйү, жана Мерседес S350, Мерседес S класс эки унаасы көрсөтүлөн. 2015-жылы кирешеси 2,310,450, 2016-жылы 2,356,670 сомду түзгөн. Ал эми жакын туугандарынын кирешеси 2016-жылы 650,188, 2015-жылы 713,377сом болгон.Эки жыл тең 235м2 аянттагы батир жана 102м2 үй катталган.
Биз социалдык тармактарда