Буга чейин ийгиликке чогуу жеткен партиялаштарын таштап, эки президентти тең «журт атасына» теңеп, КСДП фракциясын жетектеп келген Иса Өмүркулов да «Мекеним Кыргызстандын» катарында шайлоого баратат. Ал тизмеде 26-орунда.
Работа и опыт
Работа и опыт
Работа и опыт
Работа и опыт
Иса Өмүркулов
1957-жылдын 12-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1990-жылдары Алма-Атадагы (Казакстан) Жогорку партиялык мектепте угуучусу болгон.
Жогорку Кеңештеги иши
1995-2007-жылдары I,II,III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты;
2007-2010-жылдары Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2015-жылдын 4-октябрында КСДП тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы. 2016-жылы парламенттеги башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясынын жетекчиси болгон.
2017-2018-жылдары 20га жакын мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал эми чуулу мыйзам катары коомчулуктун нааразычылыгын жараткан бей өкмөт уюмдарды көзөмөлдөө жана маалыматты манипуляциялоо долбоорун тең колдоп макул добуш берген.

Парламентке чейин…

Эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында лаборант болуп иштөө менен баштаган. 1978-1980-жылдары Фрунзе шаардык транспорттук агенттикте диспетчер болуп иштеген.
1980-1981-жылдары Комсомолдун Кант райкомунда инструктордун милдетин аткаруучу кызматын аткарган. 1981-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы №3 автопаркта автоколоннанын башчысы болгон. 1984-1986-жылдары ЛКЖБ БКда инструктор; 1986-1989- жылдары Партиянын Фрунзе шаарындагы Свердлов райкомунда инструктор;
1991-1994-жылдары Вице-президентинин, Биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы, 1994-1998-жылдары Башкы транспорттук инспектору, 1998-2005-жылдары Темир жол башкармалыгынын башчысы. 2008-жылдан Бириккен эл кыймылынын (БЭК) саясий бюросунун мүчөсү.
2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу.
2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

Депутат эмнеге ээлик кылат?
Иса Өмүркулов, 2015-2018-жылдарда тапшырган декларациясын карап чыктык. Кирешесинин көптүгү дээрлик 2018-жылы байкалган. Аталган жылы анын кирешеси 12,605,234 сом чыгашасы 8,000,000 сомду түзгөн.
Абройго түшкөн көлөкө
Иса Өмүркулов парламенттин беш чакырылышта тең депутат болгондордун бири. Эки чакырылышта Жогорку Кеңешке КСДП менен барган.
Ал Бишкек шаарынын мэрлигинен 2013-жылы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын айланасындагы чуудан улам кызматтан кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Иса Өмүркулов парктын үч гектардан ашуун муниципиалдык жерин жеке курулуш үчүн мыйзамсыз чыгарган. Бул үчүн аны беш жылга кесүү каралып, бирок 2014-жылы сот аны актаган.

Ал эми 2016-жылы Өмүркулов парламентте КСДП фракциясынын лидерлигине дайындалган. 2017-2018-жылдарга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчылардын бири болгон. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин эки саясатчынын мамилеси бузулган. Ал Атамбаевчил КСДП партиясынан чыгарылган.
КСДП бул чечимди Өмүркуловду партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн кабыл алынганы билдирген.
Бирок ошол эле учурда альтернативдүү Сагынбек Абдырахманов жетектеген КСДПнын катардагы мүчөсү катары калган. Иса Өмүркулов бир катар басылмаларга берген интервюларында бул боюнча өзүнүн оюн төмөнкүчө билдирген:

«Менимче, президенттик шайлоодон кийин чыкты. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген соң баары башталды окшойт. Себеби, президенттин кадамдары, анын "коррупцияга каршы күрөшөм" деген аракети мурунку президентке жаккан жок, ортодо жик кетти. Ошол тушта «ким менин менен болбосо, ал менин душманым» деген принцип болду. Биз ага чейин кеңешип, баарыбыз бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду сүрөп чыксак, шайлоодо колдосок, анан эле "ал экс-президентке жакпай калыптыр" деп, эмне үчүн башкабыз ага кайра каршы чыгышыбыз керек? Маселенин баары ушунда»,- деген Өмүркулов.
Биз социалдык тармактарда