Искендер Матраимов
Матраимов 1962-жылдын 9-октябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында туулган. 1990-жылы Скрябин атындагы Айыл чарба институтун аяктап, зооинженер адистигине ээ болгон.
1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция багыты боюнча экинчи жогорку билимин алган. Буга чейин «КСДП» партиясы менен парламентке барган Матраимов, быйылкы шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» менен аттанды. Ал партиянын 10-тизмесинде.
Матраимов парламентте…
Искендер Матраимов Жогорку Кеңешке 2015-жылдагы шайлоодо депутат болуп барган. Ал ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Депутаттык мөөнөтүндөгу 5 жыл ичинде 15 мыйзамдын долбооруна автор жана демилгелеш болгон.

Мындан сырткары, чуулу делген мыйзам катары коомчулуктун нааразычылыгын жараткан бей өкмөт уюмдарды көзөмөлдөө жана маалыматты манипуляциялоо долбоорун тең колдоп макул добуш берген.
Жогорку Кеңешке чейин...
Эмгек жолун 1982-жылы Кара-Суу районунун Калинин атындагы колхозунун зоотехниги болуу менен баштаган. 1983-1986 — Кара-Суу агро өнөр жай биримдигинин зоотехниги;
1986 – 1989 — Кара-Суу району боюнча райондук комсомол уюмунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору;
1989-1991 — Кыргызстан ЛКЖСнын Ош облустук комитетинде уюштуруу бөлүмүндө инструктор, сектор башчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген;

1991 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош аймактык фондусунун башкы адиси; 1992-1995 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош аймактык фондусунун башчысы; 1995-1999 — Кайра түзүү жана ликвидация башкармалыгынын жетекчиси;

1999-2003 — Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары жана башчысы;
2003-2006 — Өкмөткө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы;
2006-2015 — Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
Депутат эмнеге ээлик кылат?
Искендер Матраимовдун 2015-2018-жылдагы тапшырган декларациясы.
1
2015
2015-жылы кирешеси 367,315 сомду түзгөн.
2
2016
2016-жылы 843,475 сом болгон.
3
2017
2017-жылы 746,995 кирешеси жана 290, 000 сомдук эмеректери, 100, 000 сомдук фото, аудио-видеотехникалары, 150 000 сомдук тиричилик техникалары, 40 000 сомдук компьютеры жана оргтехникалары көрсөтүлгөн.
4
2018
2018-жылы анын 2017-жылдагы мүлктөрүнө 5000 000, 00 сомдук жылкылар менен 82м2 аянттагы үй жана 2,140.0га айыл чарба багытындагы жери кошулган. Ал эми кирешеси 901,377 сом деп жазылган.
Жакындарына кандай мүлктөр катталган?
2015-жылы анын жакындарына 500м2 аянттагы соода борбор менен 400м2 үй катталган. Киреше булагы 4,144,000ду түзгөн.
2016-жылы 2015теги эле мүлктөрүнө 3,820,000 сом киреше кошулган.
2017-жылы 150 0000 акция менен 1385м2 аянттагы имарат жана киреше булагы 2,155,032 деп белгиленген.
2018-жылы депутаттын жакынын мүлктөрүндө байкаларлык өзгөрүү болгон. Башка жылдарга караганда алардын атында, ОсОО "АвтоСТОлица" ишенимдүү мүлкү, үлгүсү көрсөтүлбөгөн автоунаа, 176м2 аянттагы батир, 39.0га аянттагы жер тилкеси, 1969м2 башка курулуш аянттары 3626м2 аянттагы башка багыттагы тилке жана киреше булагы 4,005,000ду түзгөн.
Матраимов парламенттеги 5 жылдын ичинде коомчулукка акыркы жылдары тааныла баштады. Анда да бир тууганы «Раим миллион» атыккан Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышкан окуяларга жооп берүүчү катары белгилүү болду.

Депутат анын бир туугандары, үй-бүлө мүчөлөрүнө байланышкан чуулу окуяларда коомчулукка анын ичинде журналисттерге жооп берүүчү жалгыз үй-бүлө мүчөсү катары таанылды.

Биз социалдык тармактарда