Мунарбек Сайпидинов
Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн шайлоого чейин башкарып келген башчысы Мунарбек Сайпидинов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 126-тизмесинде.
Сайпидинов деген ким?
Ал 1988-жылы Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.
«Мекеним Кыргызстандын» талапкери Мунар Сайпидинов шайлоого партиянын 126-катарында бара жатат. Ал «Раим миллион» атыккан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы, Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш тууганы.
Анын аты 2013-жылы Кара-Суудагы жергиликтүү шайлоо учурундагы чырда аталган.
Айыл өкмөт башчылыкка барган соң, Сайпидинов дагы бир ирет коомчулукка белгилүү болду.

Ага мурдагы бажы кызматынын башчысынын орун басары, өкүл атасы Райымбек Матраимовдун сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алганы себеп болгон. Бул коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган.
Кийинчерээк Савай айылдык кеңешинин депутаты Эрмамат Айтматов Мунарбек Сайпидиновду соттуулугу боюнча айтып чыккан.
Дотациядагы жарды айыл өкмөттүн имаратын, алты миллионго оңдогон башчы
"Азыркы айыл өкмөтүбүз Мунарбек Сайпидинов 2005-жылы бейбаштык боюнча соттолгон. 2008-жылы ошол эле "бейбаштык" беренесинин оор бөлүгү менен соттолгон. 2013-жылы Кара-Суу шаарындагы шайлоодо бири бычактап, бири атып кеткен окуяны билесиңер. Ошондо аткан жигит ушул болчу. Бул иш боюнча козголгон кылмыш иши жабырланган тараптын арыз бербегендигинен улам убактылуу токтотулган бойдон турат. 2014-жылы мунун Раимбеков деген фамилиясы Сайпидинов болуп өзгөргөндөн кийин менин инимди пневматикалык тапанча менен атып, анда да кылмыш иши козголгон. Иш сотко өткөн. Кийин эки тараптын жарашуусу менен иш сотто кыскарып, бир нерсе болгон"
ТАЛАПКЕР БУГА ЧЕЙИН БАШКАРЫП ТУРГАН АЙЫЛ ӨКМӨТТӨ АЙЫЛДЫКТАРДЫН 44%Ы ТАЗА СУУСУЗ ЖАШАП КЕЛЕТ
Быйыл кышында Мунар Сайпидиновдун Дубайда жол тандабас менен жүргөн видеосу тараган. Анда коомчулук айыл өкмөттүн айлык акысы менен ал кантип Дубайда эс алып жүрөт деп суроо салышкан.
Мындан сырткары анын социалдык баракчаларында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйө баласы менен Ташкентте түшкөн сүрөттөрүн да көрүүгө болот.
Мындан сырткары анын социалдык баракчаларында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйө баласы менен Ташкентте түшкөн сүрөттөрүн да көрүүгө болот.
Экс айыл өкмөт башчы эмнеге ээлик кылат?
Мурдагы айыл өкмөт башчынын 2017-2018-жылдагы декларациясын карап чыктык. 2017-жылы анын киреше булагы 167,383 сом деп көрсөтүлгөн. Ал эми жакын тууганынын ДЭУ Ласетти үлгүсүндөгу автоунаасы бар экендиги жазылган. 2018-жылы кирешеси 150,068 сомду түзгөн жана ДЭУ Ласетти үлгүдөгү унаа пайда болуп калган.
Бирок Сайпидиновдун социалдык тармактагы баракчаларында кымбат баалуу жол тандабас, жана күлүк аттар менен түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Бирок Сайпидиновдун социалдык тармактагы баракчаларында кымбат баалуу жол тандабас, жана күлүк аттар менен түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.
Биз социалдык тармактарда