Шайлообек Атазов
«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазов 41 жашта. Тизмеде 42-катарда. Ош шаарынын тургуну. Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону жана «ЕРЕМ» спорт клубунун аткаруучу директору.
Атазов деген ким?
Шайлообек Атазов мурда Ош шаардык автотоктотуучу дирекциясын, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасын жетектеген. Ош шаардык транспорт агенттигинин башчысы болгон.

Спорттон муниципалдык кызматка, андан саясатка аттанган Атазов 2010-жылы БЭК (Бириккен Элдик Кыймылдын) мүчөсү болгон.

2012-жылы Ош шаарынын ошол учурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясы менен шаардык кеңешке депутат болуп келген.

Андан кийин 2015-жылкы парламенттик, 2016-жылдагы Ош шаардык кеңешине да «Ата-Мекендин» тизмеси менен барган. Бирок мандат алууга жетишкен эмес. Арадан 4 жыл өтүп спортчу быйылкы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» менен аттанды.
2013-жылы ошол учурдагы шаардык кеңештин депутатын Ош шаардык соту кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси боюнча «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган» деп айыптап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Бул чечимди, Атазов Ош шаарынын мэрин шайлоо алдында «Улуттар биримдиги» партиясынын шаардык кеӊештеги депутаттарына жогорку бийликтин жасаган саясий кысымы деп белгилеген.

Мындан сырткары, 2013-жылы Ош шаарынын борбордук аянтында ошол учурдагы Оштун губернатору, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков чогулган элге сүйлөп жаткан убакта микрофонун тартып алган. Аянттка Мелис Мырзакматовдун тарапташтары чогулган болчу.
Быйылкы шайлоо өнөктүгү алдында да Атазов Ош шаардык милициясына сурак берди
Андан соң, быйылкы шайлоо өнөктүгү алдында Атазов Ош шаардык милициясына сурак берип чыкты.

Ага «Мекеним Кыргызстандын» мүчөсүнүн өзүнүн баракчасына «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаев административдик ресурс колдонуп жатканын айтып, анын «май куюучу жайларын өрттөөгө даяр адамдар бар» экенин жазган. Бул шайлоо алдында партиялардын атаандаштыгынан чыккан араздашуу катары бааланган. Атазовдун билдирүүсүн атайын экспертиза «массалык баш аламандыкка чакыруунун белгилери бар» деп жыйынтык чыгарган.
Биз социалдык тармактарда