Кыргызстанда коронавирус жугузган медиктердин саны канчага жетти? Инфографика

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда сентябрь ичи 123 медицина кызматкеринен илдет табылды. Алардын эң көбү Баткен облусунда. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткенде эпидемиологиялык абал курч экенин эскертүүдө. Буга массалык топтолуу жана социалдык аралыкты сактабай калуу себеп болгон.

Ошону менен пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медиктердин жалпы саны 3 255ке жетти, алардын ичинен 3 008 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон ак халатчандардын саны 80ден ашты.

Бул материал «Сорос Кыргызстан» фондунун «Медиа кол кабыш» долбоорунун алкагында даярдалды. Материалдын мазмуунуна Т-Медиа жооптуу жана «Сорос Кыргызстан» фондунун көз карашын билдирбейт.
Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо