Адахан Мадумаров
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери 1965-жылы 9-мартта Ош облусунун Өзгөн районунда туулган.
Тверь мамлекеттик университетинен «тарыхчы» Кыргыз мамлекеттик университетинен «юрист» адистигине ээ болгон. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Мадумаров парламентте
Журналисттик тармактан таанылып, саясатчыга айланган Мадумаров 1995-2005 —жылдары Жогорку Кеңештин алгачкы үч чакырылышынын депутаты, 2007-2008 —жылдар аралыгындагы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон.
Парламентке чейин
- 1982-1987 — Ош облусунун Өзгөн районундагы совхоздун жумушчусу;
- 1992-1994 — КРдин басма сөз жана маалымат министринин референти, "Түрк ааламы" гезитинин башкы редактору;
- 1992-1994 — Мамлекеттик телерадио компаниясынын балдар жана жаштар программаларынын башкы редактору;
- 2006-жылдын апрель айында КР вице-премьер министринин милдетин аткарган;
- 2006-2007 — Кыргызстандын мамлекеттик катчысы;
- 2008-2009 — КР Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
- 2013-2015 — Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болгон.
Мадумаров эки жолку президенттик жарышта
2011-жылы Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду ээлеген. Ага 274,9 миң добуш берилип, 14,8 %ды алган.
Дагы бир атаандашы Камчыбек Ташиевден жарым пайызга алдыга чыккан. Ал эми мамлекетти башкаруу Алмазбек Атамбаевге буюруп, ал добуштардын 62 пайызына ээ болгон.
2017-жылы Мадумаров кайрадан экинчи жолу президенттик шайлоого аттанган. Бул жолу аны 110,3 киши колдоп, 6,57 пайыз добуш алган. Ал шайлоодо үчүнчү орунга жетип, президент Сооронбай Жээнбеков болуп, шайлооодон жеңилген Өмүрбек Бабановдон кийин турган.

Кызматтан кетирген «жаңгак кабынын» чыры
2007-жылы саясатчы депутаттыкка «Ак Жол» партиясынан мандат алып, ал тургай төрага да болгон. Бирок бул кызматта көпкө кармалган эмес, 2008-жылдын январь айынан майга чейин болгону 3-4 ай гана иштеген.
Спикерликтен кетишине себепкер «жаңгак кабынын» чыры.
Мадумаров парламенттин жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жаңгак кабы менен жасалгалоону каалаган.
Спикерликтен кетишине себепкер «жаңгак кабынын» чыры.
Мадумаров парламенттин жыйындар залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, аны жаңгак кабы менен жасалгалоону каалаган.

Бул кадам жөнөкөй жарандардан тарта депутаттардын өздөрүнүн да нааразылыгын жараткан. Жыйынтыгында, Адахан Мадумаров спикерликтен эле эмес, манданттан да баш тартууга аргасыз болгон.
Биз социалдык тармактарда