Ак үйдү самап. Партиядагы белгилүү бешөө
Борбордук шайлоо комиссиясын Бишкектин административдик сотунан утуп алып, катталган «Бүтүн Кыргызстан» партия бул ирет 120 талапкери менен шайлоого аттанды.
Алардын арасында мурдагы депутаттар, ИИМ кызматкерлери, экс-чиновниктер жана дарыгер, юрист, сатирик, журналист, жумушсуздар бар. Бирок биз 120 талапкердин баарына эмес, партиядагы белгилүү делген бешине токтолобуз.

Партия тууралуу
Жогорку Кеңештин астанасындагы эки учур
Адахан Мадумаровдун партиясы «Бүтүн Кыргызстан» ушуну менен үчүнчү ирет Жогорку Кеңештин шайлоосуна аттанды.
2010-жылдагы парламенттик шайлоодо мандат алыш үчүн эки шартты аткаруу керек эле. Алар - бардык шайлоочулардын добушунун беш пайызын (добуш бергендердин эле эмес) алуу жана 0,5 пайызды ар бир облустан камсыздоо зарылдыгы турган.
Жыйынтыгында "Бүтүн Кыргызстан" алтынчы орунду ээлеген, ал эми ЖКга алдыдагы беш партия келген.
Мадумаровдун саясий биримдигин 139,5 миң адам же болбосо бардык шайлоочулардын 4,9 пайызы колдогон. Ошентип парламентке келүү үчүн 0,1 пайыз жетпей калган.
Бул көрүнүштөн соң "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен Мадумаров шайлоо мыйзамсыз өттү деп жарыялап, ал эми тарапташтары добуштарды кайра саноо талабы менен нааразылык акциясына чыккан. БШК талаптарды аткаруудан баш тарткан.
Беш жыл өткөн соң 2015-жылы Мадумаров белгилүү бизнесмен Аскар Салымбековдун «Эмгек» партиясы менен бириккен. Бул сапар шайлоодогу босого жети пайыз эле, алар 8 пайыз алышкан. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясы мурдагыдан да артта калып, жетинчи орунду ээлеген. Добуш бергендердин саны азайып, алты пайызын алган (97,9 миң). Партия Ош жана Жалал-Абад облустарындагы шайлоо тилкелеринин жыйынтыгын санай келгенде 37 миң добуштан айырмачылык тапкандыгын билдирген.

Биз социалдык тармактарда