Бакыт Аманбаев ким?
Аманбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылынан болот.
1996-жылы Улуттук университетти аяктаган. 2000-жылы саясат таануу даражасы менен аспирантураны, 10 жылдан кийин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңеш депутатынын кеңешчиси, "Азаттык" радиосунун кабарчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2005-2007-жылдары Улуттук телерадиокомпаниянын жарнама-коммерциялык агенттигинин директору, андан соң Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте сабак берген.
Аманбаев саясатта...
2010-жылы апрель окуясынан кийин аз убакыт Ош шаарынын вице-мэри, ошондой эле парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 57-болуп шайлоого катышкан. Андан соң "Саясат" гезитинин башкы редактору, аз убакыт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеген. 2012-жылы июнь айынан декабрга чейин АКШда окуп келген.

2013-жылы "Айыл деми" гезитинин баш редактору болуп иштеп жүрүп, октябрь айында акыйкатчы болуп шайланган. Анын бул кызматка барышына "Республика" фракциясындагы депутат эжеси Урмат Аманбаеванын салымы болду деген пикирлер болгон.
Аманбаев балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө эң жогорку жаза киргизүүнү сунуштап чыкканы обдусмен катары таанылды. Ал өспүрүмдөрдү зордуктагандарды өмүр бою кесип, мунапыс укугунан ажыратууну демилгелеген.
Башкы прокуратураны соттон утуп алган
2014-жылы акыйкатчы Бакыт Аманбаев абактагы кыйноолор боюнча Башкы прокуратура чара көрбөгөндүктөн мекемени сотко берип, утуп алган. Ал Кыргызстанда күч колдонуу менен күнөөсүн мойнуна алдыруу же абакта жаткандарды кыйноо фактысы күчөгөнүн айтып чыккан эле. Буга өлкө жетекчилигин көңүл бурууга чакырганы белгилүү.
Ал март айынын башында Кумтөр кенине каршы башаламандык уюштурган деп камакка алынгандардын бири Наристе Калчаевдин арыздануусунун негизинде абалды текшерүүнү Башкы прокуратурадан суранган. Бирок башкы көзөмөл орган мында эч кандай кылмыштын жана мыйзам бузуунун белгиси жок деген негиз менен текшерүүдөн баш тарткан. Буга байланыштуу Аманбаев Башкы прокуратураны сотко берген.
Бакыт Аманбаевге акыйкатчынын креслосу эки жылга гана буюрган. Анын кетишине отчету Жогорку Кеңештен өтпөй калышы себеп болгон. Буга байланыштуу ал 2015-жылы июнь айында мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.

Бирок Бакыт Аманбаев бийлик ага карата саясий чабуул жасап жатканын айтып ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бул ишке кийлигишүүсүн суранган.
Биз социалдык тармактарда