Исхак Масалиев


Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси, айтылуу Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев атасы негиздеген партияны жетектейт.


Ал 1960-жылы 21-майда Ош шаарында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1994-жылы юридикалык факультетин бүтүргөн.
Contact me by phone and e-mail
+678 333 889 1512
olav@nowak.com
Масалиев парламентте
Исхак Масалиев алгач Жогорку Кеңешке 2000 - 2005 жылдары II чакырылышта депутат болуп келген. 2005 - 2007 жылдары III чакырылышта экинчи жолу да эл өкүлү болгон. 2007 - 2010 жылдары Кыргызстан Коммунистер партиясынын тизмеси боюнча IV чакырылыштагы Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кенещинин депутатыгына шайланган.

2011 - 2012 жылдары Кыргызстан Коммунстер партиясынын тѳрагасы. 2015 - жылы «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке келген. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде иш алып барган.

Ал Жогорку Кеңеште шайлоо босогосун 5 пайыздык ченге түшүрүү, экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу сыяктуу бир нече мыйзам долбоорлорун демилгелеген. 2018-жылдагы өкмөт башчынын отчетуна каршы добуш берген жалгыз депутат болгон. Ал муну, өзүнүн суроолоруна жооп ала албаганы менен түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча өзү демилгелеген мыйзамга каршы добуш берген. Ал мунун себебин мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилгенде концепциясы өзгөрүп кеткен деп билдирген.
«Биз демилгелегендей болбой калганы өкүнүчтүү. Кимдир бирөө азыркы президентке кызмат кылгысы келди. Бирок бул өзүнүн партиясын түзүп кийинки парламенттик шайлоого катышып же башка партияны колдоого жол ачат»,- деген Масалиев

«"Өнүгүү-Прогресске" расмий кирген эмесмин»
« "Өнүгүү — Прогресс" партиясына расмий кирген эмесмин. Кыргызстан коммунисттер партиясынын эле лидери болуп эсептелем. Бирок 2015-жылкы парламенттик шайлоодо өзүмдүн партиялаштарым менен сүйлөшүп, учурдагы оппозициялык фракцияга оозеки келишимдин негизинде кошулгам. Алардын фракциялык жыйналыштарына деле көп катышпайм. Аталган партиянын мени кызыктырышынын себеби —партиянын дыйкандарга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган алгылыктуу программасы болгон. Тилекке каршы, аз мандатка ээ болуп, анан да оппозицияда калып, дыйкандарга берген убадалардын көпчүлүгүн аткара албай келебиз», — деди Масалиев.

Президент, төрага, премьер-министр 30 млн. сомдон эсепке которсун.

«Бизде төрага, премьер-министр жана президенттин 30 миллион сомдон атайын эсеби бар. Менин сунушум ошол акчаны коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке которуу керек. Адамдар 1000 сомдон топтоп жатса, биз 30 миллион сомду өзүбүз бөлүп алмак белек... Бийик кызматта отурган үч жетекчи 30 миллион сомдон которуп берсин. Өзгөчө абал режими бүтмөйүнчө ЖК депутаттарынын маянасын гана калтырып, транспорт, командировка жана башка чыгымдардын акчасын атайын эсепке которуу керек».
Мандатын мөөнөтүнөн эрте тапшыруу
Исхак Масалиев ушул жылдын 21-майында парламентте сөз сурап, трибунага чыгып сүйлөп мандатын өз каалоосу менен тапшыраарын билдирген. Ал бийлик өкүлү катары мамлекетте түзүлгөн кырдаалга жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, шайлоочуларынан кечирим сураган

«Элди оор акыбалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Мен дагы буга жоопкерчиликтүүмүн. Себеби мыйзам долбоору болобу, башка сунуштар болобу, аны өкмөткө жеткире албадым. Талап кылып, бирок ишке ашыра алган жокмун. Ошондуктан депутаттык мандатты 25-майда тапшыруу чечимине келдим».
ЖКга чейин
  • 1982-1986 — Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучусу;
  • 1986-1989 — Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранты;
  • 1989-1993 — Ош облусунун ишки иштер органдарында кызмат өтөгөн;
  • 1993-1994 — мамлекеттик салык кызматынын Ош облусу боюнча салыктык тергөөлөр бөлүмүнүн инспектору;
  • 1994 — Ош облусунун Салык полициясы башкармалыгынын кызматкери;
  • 1994-1995 — Ош бажыканасынын башкы инспектору;
  • 1995-1997— Ош бажыканасынын жетекчисинин орун басары;
  • 1997-1998— Мамлекеттик бажы инспекциясынын "Түжтүк" темир жол бажыканасынын башчысы;
  • 1998-1999 — укуктук маселелер боюнча менеджер, "Югфармация" коомунун туунду ишканасы;
  • 1999-2000 — "Талас-Ош" ЖЧКнын директору;
  • 2000-2001 — Жогорку Кеңештин коррупцияга, көмүскө экономикага каршы күрөш маселелри боюнча эл өкүлдөр жыйынын комиссиясынын төрагасы;
  • 2001-2005 — Мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жанан конституциялык мыйзам боюнча комитет башчысынын орун басары;
  • 2011-2012 — ККП Борбордук комитетинин төрагасы;
  • 2012-2015 — КР өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик салык кызматынын төрагасы.
Депутат эмнеге ээлик кылат?
Исхак Масалиевдин 2018-жылы тапшырган декларациясына ылайык, анын кирешеси ошол жылы 1,481,388 сом болгон.

Мындан сырткары, 155м2 үй, 5,700.0га аянттагы бакча, 11м2, 8м2 суу объекттери
51.5га аянттагы айыл чарба багытындагы жери, 139м2 аянттагы батирге ээлик кылат.

Ал эми анын тууганынын 2018-жылы 47м2 үйү жана Лексус 0X470 үлгүсүндөгү унаасы бар экедиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле жылдык кирешеси 287,617ны түзгөн.
Биз социалдык тармактарда