Камчыбек Ташиев
Саясатка аттангандан бери Камчыбек Ташиев такай коомчулуктун көз алдында келатат. Ал Жалал-Абаддын кулуну, 52 жашта. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.




Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоо алдында күтүүсүздөн "Ата Журт" партиясын таштап, "Мекенчилди" жетектеп баратат. Ал 2005-жылы бир мандаттуу система менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2010-жылкы апрель революциясынан кийин Ташиев "Ата Журт" партиясын активдештирип, анын лидери катары шайланган. Парламенттик шайлоодо күтүлбөгөн жеңишке ээ болгон.


Ак үйдүн дарбазасынан секирүүгө аракет кылып
Парламентарий 2012-жылы Ак үйдүн темир торунан секиргени менен элдин эсинде калды. Бир жылдан кийин Жогорку Сот Камчыбек Ташиевди "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп айыптап, 1,5 жылга соттолуп кеткен. Депутаттык мандаты да алынган болчу.
Андан кийин 2015-жылкы шайлоодо Камчыбек Ташиев "Республика-Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы болуп, бирок шайлоо тизмесине кирбей калган. Буга 26-сентябрда "Өнүгүү-Прогресстин" Сузактагы штабында талапкер Абдыманап Абдыбахапов сабалганы себеп болгон. Эки күндөн кийин БШКнын чечими менен Ташиев шайлоого катышуу укугунан ажыраган. Факт боюнча кылмыш иш козголгон, бирок Ташиевге айып коюлган эмес.
Атамбаевдин негизги атаандашы болгон
Камчыбек Ташиевдин болочокто президент болуу дымагы бар экени да белгилүү. Ал бир эмес эки жолу мамлекет башчылыкка аракет кылып көргөн.

2011-жылы президенттикке талапкердигин коюп, Алмазбек Атамбаевдин негизги атаандашы аталган. Шайлоочулардын 14%дан ашыгы колдоп, чоң жарышта үчүнчү болуп келген.
Жээнбеков менен Ташиевдин биригүүсү
2016-жылдын ноябрында Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Акматбек Келдибеков биригишкенин жарыя кылышып, президенттик жарышка бир талапкер алып чышыгаарын билдиришкен. Кийин бул биримдикке "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев кошулуп, "Кайра жаралуу" партиясын түзүшкөн.
Шайлоого бир ай калганда Ташиев башкы атаандашы КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун тарабына өтүп, аны колдоорун жарыя кылган.
Саясатчы акыркы эки жылдан бери социалдык тармактарда өтө жигердүү боло баштады. Ал Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жер үчүн баарына даяр экенин жазып, азыркы бийликти "жагдайды жөнгө сала албайт" деп айыптаган.

Талдоочу Эркин Абдразаков "Азаттыкка" берген интервьюсунда айрым саясатчылар саясий упай топтоп кала турган жагдайларды, мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарышпайт деп айткан.


"Айрыкча саясий окуялар курчуп кеткенде айрым саясатчылар өзүн көрсөтүп, упай топтогонго аракет кылат. Болгону эле ошол. "Булар чече албай калды, алсыз, биз болсок антебиз-минтебиз" деп өзүнүн программасын айтканга аракет кылат".
Коомчулуктун ар түрдүү сын-пикиринен кийин Камчыбек Ташиев Бишкекте маалымат жыйын берип, "чек ара маселесин саясий упай топтоо максатында пайдаланып жатат» деген пикирлерди четке каккан.

Саясатчы "Кумтөр" алтын кенин улутташтырууну азыркыга чейин айтып келет. Депутаттык мезгилинде да Садыр Жапаров төрагалык кылган комиссиянын улутташтыруу тууралуу чечимин колдоп чыккан.
Юстиция министрлигинде катталган мүлкү
Декларацияга депутаттар менен аткаминерлер өздөрүнүн гана эмес, жакын туугандарынын дагы мүлкүн көрсөтүшү милдет. Эмнегедир Камчыбек Ташиевдин декларациясын ачык булактардан издеп тапкан жокпуз. Бирок Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, Камчыбек Ташиевдин атына үч ишкана катталган.
"Элет-Кеч" көп тармактуу айыл чарба даярдоо, керектөө кооперативи. Негиздөөчү жана жетекчиси Камчыбек Ташиев өзү.
Экинчиси — "Барпы айылы" кредиттик союзу. Негиздөөчүсү жана жетекчиси — Камчыбек Ташиев.


Үчүнчүсү — "Тай-Мурас" мекемеси деп көрсөтүлгөн. Ачык булактарда "Тай-Мурас" спорттук клуб экени, Жалал-Абаддын Барпы айылында жайкашканы айтылат.
Саясатка чейин
Камчыбек Ташиев кесиби боюнча химик жана юрист. Орусиянын Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
1993-жылдан баштап өнөр жай жана айыл чарбасына тиешелүү фирмаларды жетектеген. 2002-жылы өкмөт башчынын аппарат жетекчисинин жардамчысы болуп иштеген.

Бир жылдан кийин Бишкектин Ленин райондук акиминин орун басары болуп дайындалган. 2005-жылы парламентке депутат болуп шайланган. 2007-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген.
2009-жылы ошол убакта жаңы эле дайындалган өкмөт башчы Данияр Үсөнов Ташиевди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине курулчу үйгө деп сакталып турган каражатты пайдалангандыгы үчүн айыптаган. Буга нааразы болгон Ташиев кызматынан кетээрин ачык айтып, жыйындан чыгып кеткен.

Дээрлик үч жылдай ӨКМди жетектеген экс-министр кийин деле табигый кырсык катталган аймактарга барып жүрдү.
Биз социалдык тармактарда